Арагын койбогон атага болгон каар же өзөгү өрттөнгөн боз уландын өлүмү

© Sputnik / Вадим Алексеев / Медиабанкка өтүүАрак жана уктап жаткан селсаяк. Архив
Арак жана уктап жаткан селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азыркы жаштар шумдук", "Биз мындайды билбей эле чоңойдук эле" деген сөздү баарыбыз укканбыз. Буга улай чындап эле ата-энесин карабай кеткен балдар, өлүмгө чейин алып барган учурлар байма-бай айтылып келди.

Акыл айта салуу оңой эмеспи, баарыбыз жабыла каргап-шилеп жатып калмайыбыз бар. Мындай учурду актоо албетте мүмкүн эмес, бирок айрым учурда ушундай шарттын түзүлүшүнө ата-эне өзү да күнөөлүүдөй сезилет. Азабы жанга батса, айбан да болсо жооп кайтараары маалым эмеспи. 

Кошунамдын үйүндө күндө майрам, күндө той. Кытайды кырып келгенсип, баш көтөрбөй ичет. Жөн ичсе мейли го, акысыз концерт коет. Тигил эргул мас болуп келген күнү байкуш эне уясына жылан тийген чабалакейче чыйпылыктап кирет. Күчүн аялынан чыгарып, үйүн алты айлантып кубалап анан жаны тынат.

Бир күнү мени жолдон кармап алып:

— 50 сом берчи иним, байкеңдин абалын көрүп турасың го… — деди.

— Кече эле бербедимби…

Бишкектин тургуну көзү азиз селсякты үйүнө батырып алды
Берген сайын сурай бергендиктен, акыркы күндөрү бербес болгом. Мени эле эмес, көчөдөн өткөндүн баарын кармап, МАИчилерден бетер 50 сом алып калмайын жөн узатпайт.

Мен билгенден эки кызы бойго жетип, шарттын жоктугунан улам окуусун таштаган. Ата-энесин багалы деп алыс жакта дайынсыз иштеп жүрүшөт. Алар эле эмес, 6-класста окуган Адилет да жөн турбай, кол кабыш кылат. Бели бешиктен чыкпай жатып, базардагы контейлердин алдын шыпырып, ар биринен 10-15 сом алат. Кечке дейре жүрүп, үйүнө 200-300 сом таап келет. Ал акчага апасы тамак-аш алат.

Кошунам майрамдап келген күнү алыстан ырдап келет:

— Он сегии —ииз жаа-аа-ааш, тоо-оо- оо-до тунук булак белеее-еең…

Адатынча жеке концертин коюп баштады. Аялы конокко кеткендиктен, арстандай болгон баатырдын колуна коёндой Адилет кармалды. Тарс эткен катуу добуштан чуркап чыксам, Адилеттин мурду канга боёлуп, эшикти сүзүп жыгылган экен. Мен жеткиче жакадан кармап туруп, дагы бир жолу эшикти сүздүрдү. Байкуш бала бакырып эле ыйлап качты… Арачыга бир муштум, мага атырылып жөнөдү.

Байкуш балага боорум оруп, ал күнү үйгө жаткырып алдым. Базарды шыпырып, ар кимден сөгүш угуп тапкан тыйынымды пиво ичем деп алып коёт дегенди укканда… эзилип кеттим. Атырылып барып, тумшуктан ары бир койгум келди, анте да алган жокмун…

Мектепти аяктап, окууну улантканы шаарга кеттим. Беш жыл билим алып, жайкы эс алууда айылга келсем, баягы баатыр эч өзгөрбөптүр. Иче берип, кудум курт жеген кара жыгачтай болуптур. Өзү менен кошо аялын, уулун да кууратып бүткөнү байкалат. Үй-бүлө артка гана кеткен, алга жылыш жок. Байкуш эненин чачын ак басып, жүдөп жүрөт. Карызга белчесинен баткан экен, күн узабай ар ким келип карызын доолап жатты. Дүйнөнү суу каптаса, өрдөккө баары бир болуп, баягы баатыр дагы эле ичип жүрөт.

— Он сегии —ииз жаа-аа-ааш, тоо-оо- оо-до тунук булак белеее-еең…

Ал күнү адатынча ичип келгенин билдим. Бир оокумда, кошуна тараптан Адилеттин бакырган добушу чыкты.

— Жададым, тойдум баарыңа… жаныма батып кетти… ааа-аа…

Айылыма алыстан туруп көз салганда... Ичип кеткен авалар азайды...
Чуркап чыгып, көргөн көзүмө ишенбей кеттим. Айлап ачка жүрүп, олжосуна араң жеткен жырткычтай, Адилет атасын басып алып, уруп жатканын көрдүм. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй, көкүрөгүнө жылдап толгон зилин чыгара сабап жаткан экен…

Адилеттин кутурган итче атасын талап жатканын карап, ажыратканга акылым келбей, ала-сала туруп бердим. Адам баласынын чыныгы жинин ошондо көрдүм. Көздөрү кызарып, кийимдерин тытып ыргытып, жүзү канталап кетти.

Көптөп жатып Адилетти атасынан араң дегенде ажыраттык. Апасын түртө салып, бак аралап чуркады.

Окуядан бир саат өтпөй, байкуш эненин ачуу чыңырыгы чагылгандай чарк этти. Аттиң эне кечигип калган тура… Адилет атасын сабаган жини менен барып, колуна тийген уй байлаган жип менен бакка асынып алган экен… Кайран он сегиз жаш, кайран тунук булак…

Ошентип арактын кесепетинен улам кырчындай жигит узап кетти. Энеге гана убал болду. Калганы эч өзгөрүүсүз…

Жаңылыктар түрмөгү
0