Кыргыз тарыхы ар кандай санжыранын деңгээлинде калганда. Абалга аралжы боло турчу Жарлык

© Sputnik / Нургуль Максутова Боз үйдүн үстүнөн желбиреген Кыргызстандын желеги. Архив
Боз үйдүн үстүнөн желбиреген Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым учурда карап турсаң кыргыз тарыхы ар кандай санжыранын деңгээлинен көтөрүлө албай калгансыйт. Санжыра, миф, болмуш, уламыш деген нерселердин багын ачып, "сандыгын сөгүп" ийип, алар мектепти каптап кирди да, балдарыбыз чындык менен жалгандын арасын ажырата албай башы айланып калды.

Президент Алмазбек Атамбаев "2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Анда "Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү маданияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта" экендиги айтылды. 

Мунун, албетте, чоң мааниси бар. Себеби, экономиканы, саясатты, жалпы эле коомдук турмушту алдыга сүйрөй турган, келечекти аныктай турган нерсе бул – тарых жана маданият. Бул экөө бирисиз бири жок. Бирисиз бири жашабайт. 

Айбан кылбаган чекиликтерди кыргыздар кылып жатабыз 

Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев 2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялады
Эгер коом тарыхка жана маданиятка, жалпы эле элдин руханий дүйнөсүнө кайдыгер караса, анын акыбети жамандыкка алып барат. Мына, биз азыр, ата-бабабыз угуп-көрбөгөн, төбө чачты тик тургузган кылмыштарды, айбан кылбаган чекиликтерди көрүп жатабыз, угуп атабыз. Күндө. Күн алыс. Ошол ишти кыргыздар кылып жатат. Болгондо да адептүү, ыймандуу деген айыл тургундары кылып жатат. Мунун көп себебинин бири – жаштардын өз тарыхый тамырын, өз элинин маданиятын билбей калгандыгы. Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу 1914-жылы 23-мартта Ош шаарына жакын бир жерде болуп, анын жыйынтыгында көргөнүн мындай деп жазып калтырыптыр: "… мүдарис Юнус дамбылда деген, өзү кыргыз болуп туруп, кыргыз болгонуна өкүнөт экен. Сарт болуу фарыз эмес. Илим-билимдүү болуп, улутун сактоо керек. Илимдүү болуу – жалгыз намаз окуп, орозо кармоо эмес. Замандын акыбалынан кабардар болуу лаазым. Молдо Абдысатар казы – беш жыл болду казы болгонума дейт. Суракка келген адамдар өз атасынын ысмын араң табат дейт. Туугандарыбыздын аталарын табуу кыйын болду" (О.Сыдыков Тарых кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы, Ф., "Кыргызстан", 1990, 28-б.). Ошол жүз жыл мурдагы көрүнүш дале кайталанып жаткандай. Ошол аталарын таппай калган маңкурттарды көрүп туруп Осмоналы Сыдыков кызыл кыргыз тарыхын казып жазып чыккан болуш керек. Советтер учурунда анын жазгандарын да темир сандыкка камап, өзүн тентитип жибердик…

Тарых – өткөндөрдү үйрөнүү, алардан сабак алуу үчүн керек. Кыргыздар – Борбор Азиядагы эң байыркы калк деп келебиз, бирок ошонун байыркылыгын билип, аны барктаган жаш муундарыбыз барбы? Жакынкы совет жылдарында биздин Эне-Сай доорун жок деп эсептеп, кыргыздар ал жакта жашаган эмес деп келдик. Ханзу жазма булактарында айтылган, такталган эки кылым ары жакта кыргыз мамлекети болгондугун тан албай, андан өзүбүздү өзүбүз качырып келдик. Натыйжада, өткөнүн карабаган маңкурт муун өсүп чыкты. Алар үчүн тарых жок, жети атасы түгүл – өз атасы жок. Мына ушундай абалдан чыгуу үчүн мамлекетте "Тарых жана маданият жылы" өз убагында жарыяланды. Бул эң туура чечим!..

Кыргыз тарыхы ар кандай санжыранын деңгээлинде калганда

Манасчы сахнада манас айтып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл жыйынтыгы: маданиятыбыз уучубузду кур койгон жок
Айрым учурда карап турсаң кыргыз тарыхы ар кандай санжыранын деңгээлинен көтөрүлө албай калгансыйт. Ошол оозеки санжыраны үйрөнүп алып эле ааламдын баарын кыргыздардан чыгарып отурабыз. Тарыхый инсандарга тарыхый мамиленин жоктугунан ар кимди орду-ордуна коё албай келебиз. Дагы бир жыйырма-отуз жылдан кийинкилер бизди айыпташып, булар эмне, бул кишини мынча көкөлөткөн, же бул кишини төмөндөткөн деп чыгат, ошондо биз эмне дейбиз? Тоталитардык-казармалык түзүлүш ыдырап сөгүлөр менен эле мурда багы ачылбай келе жаткан санжыра, миф, болмуш, уламыш деген нерселердин багын ачып, "сандыгын сөгүп" ийбедикпи, анан алар мектепти каптап кирди да, балдарыбыз чындык менен жалгандын арасын ажырата албай башы айланып калды. Буга биздин улуттук интеллегенттер күйгөн жок, уялган жок, тарыхчылар элдик санжырачылар менен теңтайлаша албай калды. Эртең кыргызды тарых бетинен сызып койчу да, тарых бетине алтын тамгалар менен жазып койчу да ошол тарых окумуштуулары. Кээ бирлер түбүбүз түрк дейт, кээ бирлер хунну, усун, огуз, алтай… дегендерден тараганбыз дейт, а ырасы кандай, аны аңдабай башыбыз маң… Ошолорду такташыбыз керек. Ошолорду элге алып чыгышыбыз керек. 

2016-жылы азыркы Бурана шаар чалдыбары турган Карахандар мамлекетинин ордосу болгон Баласагын шаарында туулуп, "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") деген дидактикалык дастанды жазган акын жана аалым Жусуп Баласагын бабабыздын 1000 жылдыгы белгиленет. 2016-жылы падышалык Орусиянын оторчул саясатына каршы чыккан элдик көтөрүлүштүн 100 жылдык кайгылуу күнү да эскерилет. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Кыргыз автономиялуу облусунун 90 жана Кыргыз ССРинин түзүлүшүнүн 80 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы да бар. 

Жогорудагы орчун окуялардын тегерегинде дагы толгон-токой иш чаралар өтөт, алардын баары келечек муундун тарыхый аң-сезимин көтөрүп, кыргыз маданиятын өнүктүрүү үчүн керек. 

СССРдин туулган күнү. Советтик Кыргызстандын тарых бүктөмүндө калган сүрөттөрү
Мамлекеттик бюджеттен Улуттук Илимдер Академиясы үчүн, кыргыз адабиятын колдоо максатындагы "Жаңы ысымдар – жаңы мүмкүнчүлүктөр" долбоору үчүн каражаттар көбөйгөндүгүн эл депутаты Садык Шернияз 15-январдагы Абдылдажан Акматалиевдин 60 жылдыгында айтып кубандырды. Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, "Манасчы Саякбай" фонду чоң иштерди жүргүзүүдө. Жеке адамдардын, меценеттардын бул жааттагы колдоолору да жок эмес. Бирок жетишсиз. Мунун баары аз. Театрларыбыз көрүүчүсүз турат, кинолорубуз сапатсыз, айылдык клубдар, музейлер талкаланган, китепканалар жаңыланбай жатат. 

Ошолорго быйылкы Маданият жана тарых жылы огожо болор деп турабыз. Болсун!..

Жаңылыктар түрмөгү
0