Элдик жөрөлгөлөрдөн. Күзгүңө башканы каратпа…

Жазылуу
Элдин байыртан ыйык деп, көзү жамандан, ою карадан калкалап, аяр кармап, бекем катып келген нерсе-буюмдарын карап көрөлү. Алардын артында эмне жатты болду экен…

Ыйдан өпкөсү көөп, көксүп, көз жашы кургай элек тиги кичине балага агасы кайрылып:

— Ме, атаңдын камчысын сен ал. Көкүрөк күчүгүм деп жакшы көрчү эле сени, таберик болсун, — деди.

Келин күбөлүккө кол коюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдик жөрөлгөлөрдөн. Келиним болбосо…
Бала сүйүнгөнүн жашыра албай, камчыны агасынын колунан шарт ала койду. Анткени жанатан бери, ошондон көзү өтүп, башкага берип койбосо экен деп турган эле…

Ооба, ыйыкты табият жаратпайт. Ак жолтой буюм же тумар да өзүнөн өзү пайда болбойт. Андайлар ар бир адамдын көңүлүнөн, көкүрөгүндө баа туткан, бийик деген мамилесинен келип чыгат.

Дагы эле терең илимий-теорияга берилип отурбастан, тек гана элдин байыртан ыйык деп, көзү жамандан, сөзү жаман, ою карадан калкалап, аяр кармап, бекем катып келген нерсе-буюмдарын карап көрөлү. Алардын артында эмне жатты болду экен…

Калпак, баш кийим

Белгилүү манасчылардын бири Уркаш ата манасчы болом деп далалат кылып жүргөндө аян түш көрүп, ошо түшүндө улуу Саякбай атанын калпагын кийип көргөнүн айтат. Ошол түшүн алдыдагы улуу манасчылык жолуна байланыштырып, Сакемдей чебер болот турбаймынбы деп жоругам дечу. 

Баш кийим кыргызда эле эмес, көп элде ыйык туткан, жерге таштабай, тебелебей турган буюм. Баш кийим жоголсо, жамандыкка, оору-кырсыкка жорушат.

Жоолук

Жаңы келген келинге ак гана жоолук салышат. Ал келиндин аруулугун, тазалыгын гана билдирбестен, жаңы бүлө ак жолтой болсун, артынан жакшылык алып келсин дегенди билдирет. 

Айылда улуураак кишилер байбичеси кара жолук салынса, менин өлүмүмдү тиледиңби деп таарынганы бар. Себеби бир өңчөй кара, кочкул көк же жашыл жоолук аза күткөндө салынат.

Баланын топусу

Кичине баланын баш кийими айрым ырымдарда колдонулат. Ач кирип, тынчы кеткен баланы нан менен аштап, нанды топусуна салып эшекке жедирип коёт. Баланын топусун башка баш кийимдердей эле жерге таштап, тебелеп, булгаганга болбойт. Баш кийимдин ээсинин башына жамандык келип, башы оорукчан болот деген ишеним азыр да бар. Кийилбей калган баш кийимди отко салып жиберишет. 

Кичине баланын кийими

Касапчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр
Бала кыргыздардын түшүнүгүндө тазалыгы менен гана эмес, терс күчтөрдөн жаман нерселерден өзүн сактай албагандыгы менен периште аталат. Ошондуктан элдик ишеним боюнча, кичине баланын жуулган кийимин сыртта түнгө калтырбайт. Караңгыда жин-шайтандар ачыкка чыгат деген ишеним кыргызда эле эмес, бардык маданияттарда байыртан эле бар. Ошон үчүн түндө үйгө алып кирбей калган баланын кийимин агын сууга чайкап, кайра күнгө кургатып, анан кийгизчү. 

Жеке буюмдар 

Жанына алып жүрүп, жеке колдонгон буюмга элдик түшүнүктө чоң маани берилет. Алар адамдын сырын өзүнө катып, турмуш-тагдыры менен жуурулушуп калган, аны менен тыгыз байланышта дешчү илгеркилер. 

Күзгү, тарак 

Айрыкча кыз-келиндер жанына ала жүрчү жеке буюм – күзгү да ээсинин башынан өткөргөнүн, келечегин өзүнө жашырып алат деген ишеним кыргызда эле эмес, көп элдерде бар. Ошон үчүн күзгүнү башкага бербейт деген ырымды кармангандарды азыр да тапса болот. Бирөөнү өзүнө баш ийдирип, күчүн алып алгысы келгенде анын күзгү-тарагын уурдап кетет деген ишеним болгон. 

Ал эми элдик жомок-уламыштарда тарак, күзгү эненин күчүн өзүнө сактап, оор мезгилде балдарын куугунчудан куткарып калганы айтылат.

Комуз, камчы 

Бешиктеги ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз салттары: сүйүнчү-сүйүнчү, перзенттүү болдум!
Кыргыздын белгилүү ырчы кыздарынын бири жаш кезинде күйөөсүнүн кайсы бир туугандарыныкына барып калат. Үй ээсинин боз үйүнүн төрүндө илинип турган комузду көрүп, кызыга кеткен келин, барып эле колуна ала коёт. Комуздун кулагын бурап, күүлөйүн дегенин көргөн ээси: "Кап, балам бекер кылдың. Ургаачы кармабасын деп ырым кылып койдум эле" деп өкүнүптүр. Өзүнүн жеке турмушунда бактысыз болуп калганын ал ырчы кийин ошол окуяга байланыштырчу дешет.

Деги эле комуз, шакек, камчы жана баша жеке буюмдар ээси үчүн баалуу, маанилүү нерсе болгондуктан, илгерки кишилердин айрымдары бирөө уурдап же бүлдүрө турган болсо, жолу болбосун деп ырымдашчу экени көп эле кишиге белгилүү. 

Бүлө

Атам бычак, чалгысын курчутуш үчүн, дайыма жанына сала жүрчү. Ал табият жараткан өзгөчө жылма таштан болот. Элдин ишениминде касташыңдын бүлөсүн алып койсоң, анын күчү сага оойт, сенин эркиң менен болуп калат делчү. 

Оттук

Бүлө сыяктуу эле табияттын берген ташын от тутандыруу үчүн колдонушкан. Ал да ээсинин күч-кубаты менен байланышып, оттугун жоготкон киши алдан тайып, душманы үчүн оңой жемге айланат дешчү. 

Маки, бычак

Бир жакшы жагы, курал катары жаман түштөн, жаман ойдон сактайт деп уктаган кишинин башына жаздап коёт. Бирок бул буюмга байланышкан терс ырымы – бирөөнүн үйүнөн бычак уурдап кетүү. Адатта үйдө мал сойгондо колдонулчу чоң, мизи курч, сабы бекем бычакты уурдап кеткен адам ал үйгө жакшылык каалайт деп айтуу кыйын. 

Дагы бир ырымы, бычакты белек кылбайт. Бул кыргыздан башка маданияттарда да кездешет жана бычак беришип-алышкандар келишпес душман болуп калат деген ишеним бар. 

Дагы башка ырымдар

Чач

"Манас" эпосундагы кыргыз салттары Кытайда талкууланды
Чач – дөөлөт. Чачтай дөөлөт, суудай өмүр берсин деген апалардын батасын угуп эле жүрсөңүздөр керек. Ошон үчүн чачты жерге таштабайт, чачты тебелебейт деген түшүнүк бар. Аны да баш кийим сыяктуу жерге калтырбай, өрттөп жибергиле деп апалар көп айтат. Түшкөн чачты бут алдында калтырган өз ырыскыңды, берекеңди тебелеген менен барабар деп илгертен эле айрыкча кыздардын чачын тарагандан кийин тарактагы чачын чогултуп, отко салчу. Азыр да байкасаңар керек, байбичелер тарактагы чачын бирден терип, бир нерсе түйүп, чөнтөгүнө салып алат. Анан ылайыгы келгенде өрттөп жиберет. Ал эми кенедей баланын чачын улуулар такыр жерге таштатпайт. Бул да улуулардын ымыркай аман-эсен чоңоюп, жамандыктан оолак жүрсүн деп жасаган ырымы.

Тырмак

Башка маданияттардын ишенимдери, карманган ырым-жырымдары жөнүндө адабияттарда да илгертен тырмакка өзгөчө маани берилгени айтылат. Ал бир жагынан кайсы бир күч, коргонуч менен байланышса, экинчи жагынан коркунуч сезимин жаратуучу нерсе. Кыргызда тырмакты да жерге таштабайт, бирок өрттөп жиберүүгө болбойт, адамдын өмүрү кыскарып калат деген ишеним бар. Дагы күүгүмдө, түнүчүндө тырмак алганды да эл жамандыкка жоруйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0