"Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн" же Мидинди кайра окуганда…

Жазылуу
Мындан 98 жыл мурда акын жана сатирик Мидин Алыбаев жарык дүйнөгө келиптир. Бул датага карата анын сүйүү лирикалары туурасында сөз кылууну чечтик.

"Мидин" дегенде биз аракка берилип кетип, көчөдө ар кимге ырын ырдап коюп, "баш жазган" бир бактысыз, кечирип коёсуз, селсаяк кишини элестетебиз. Бери болгондо советтик идеология Сергей Есенинди, Борис Пастернакты, Анна Ахматованы, Николай Рубцовду сыяктуу акындарды каралап көрсөткөн саясат бизге аны ошентип көрсөтүп койгон. Ал заман ошондой эле: адамдын чыгармачылыгы жана таланты эмес, анын партияга берилгендиги, түз жүрүп, түз сүйлөгөндүгү жакчу. Мидин андай галстукчан жүрүп, кагазга ороп сүйлөгөндөрдөн эмес экен. Ошон үчүн көпкө бул киши тууралуу жакшы сөз айтуудан, чыгармаларын чыгарып, мектепте окутуудан тайсалдап келдик. Бирок анын лирикаларына обондор жазылып, ошол ырлары аркылуу ысымы элге тарап турган. 

Биз бүгүн акын Мидин Алыбаевдин сүйүү лирикаларына токтолууну эп көрдүк. 

Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда Айтматовдун "Кыямат" чыгармасы боюнча спектакль коюлат
Ал туулган 1917-жылдарда Жумгал районунун Чаек кыштагында жана анын тегерек-четинде башкача бир шарт-кырдаал өкүм сүрүп жаткан заман эле, бул эл ыр-күүгө жакын, сөздү да кыябын келтирип сүйлөгөн өнөрлүү калк болуу менен Куйручук сыяктуу куудулдардын жоруктарын айтуу эл арасында кеңири тараган. Мидин көктөйүнөн ошолордун таалим-таасирин алып, куудулдарды өрнөк тутту.

Ал сүйүү ырларын жазганда "кызылча казган келинчектерди", "саанчы жеңелерди", "пахтачы келиндерди" ж.б. эмгек адамдарын сүйүү темасына байлап, же тагыраагы, сүйүү темасын эмгек темасына айкалыштырып жазбаптыр. Акын аялдагы назиктикти, сулуулукту, ажарды, ошол сүйгөн адамдын алдындагы сүйүлгөн адамдын алсыздыгын көркөм сөздүн керемет күчү менен алдыңа таштап салыптыр. Мына сиз да дагы бир жолу окуңуз:

Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
"Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…"

Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
"Эсен тур" — деп оң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.

Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.

Тургунбай Садыковдун  Эркиндик  статуясынын  жасап иштеп жаткан учуру. 1999-жыл - Sputnik Кыргызстан
Скульптор, сүрөтчү Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыков бүгүн 80 жашка чыкты
Эмне деген элестүүлүк, эмне деген сүрөт, эмне деген образдуулук? Муну кантип сөз менен айта аласың?!.. А Мидин айтып атат! Биз баарыбыз эле билген, көргөн, бирок айта албай келген сезимди кыска, таамай кылып айтып салды. Азыркы жаштар үчүн бул – жомок, бул фантастика, а мурдагы муун үчүн мунун баары баштан өткөн тагдыр.

Же азыр эл оозуна айтылып жүргөн бул куплеттер (ырды толук келтирген жокпуз – ред.)

Көзүң укмуш – ак чыныда карагат,
Көп караба жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр,
Киши жалдап сүйө албаймын паралап!

Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам,
Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!
Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт,
Кайсы күнү кандай жоолук салынсаң…

Ушундай! Буга эмне дейсиз! Поэзия деген: дилиңдеги нерсени уйкашка салып, салыштыруулары менен келтирип, метафоралап айтып салат, сен аны он томдо да айта албай калышың мүмкүн. А Мидин айтып атат! 

Залкар акын Алыкул Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул акындын ырлары жаңырат
Мидинди цитаталай бергиң келет, ырларын бөксөртпөй, үзүп-жулкпай окурманга тартуулай бергиң келет. Сүрөттөгү сүйгөнүн "кыйнабачы жүрөктөгү жарадай", "үн жок, сөз жок томсоросуң турасың, ыйлап-ыйлап улутунган баладай" дейт. Мыкты образ, мыкты салыштыруу. Сүйгөн адамынын алдында анын лирикалык каарманы "өзүн эр көкүрөк көрсө да, сүйгөнү аны ээрчип жүргөн көлөкөсүндөй" көрөт. 

Сүйүү лирикасында Мидин өз образын, өзүнүн "Менин" бергенсийт, болбосо ырлары анчалык жандуу, анчалык эмоционалдуу чыкмак эмес. Ошонусу менен ал кыргыз махабат лирикасынын бийик чокуларынын бирин ээлеп турат. 

1959-жылы 3-декабрда түшүнүксүз жагдайда каза болгонго чейин эле ал кыргыз адабиятынын тирүү классигине айланган, бирок анын ошол классиктигин замандаштары билсе да, билбемиш болгон, билбемиш болбосо да, ачык айта алышкан эмес…

Бул биз, кыргыз, интеллегенттери, үчүн сабак болууга тийиш…

Жаңылыктар түрмөгү
0