Эми сыр болбой калды...

Жазылуу
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0