Өзөктүк сокку уруу кофе жасоо сыяктуубу?

Жазылуу
АКШнын Тынч океан флотунун командири Скотт Свифт эгер Дональд Трамптан буйрук келсе Кытайга өзөктүк сокку урарын билдирди. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги жазды.

Свифт АКШ менен Австралиянын аскерлеринин биргелешкен машыгууларынан кийин коопсуздук боюнча конференцияда сөз сүйлөгөн. Окумуштуулардын бири эгер АКШ президенти Кытайды өзөктүк курал менен ат деп буюрса аны аткарасызбы деген суроосуна Свифт "ооба" деген жооп кайтарды.

Адмирал өз сөзүндө ар бир аскер башкы кол башчынын буйругун аткарам деп ант берерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0