Эки президент кызуу кепке киргенде... Канайым калп эле убара болду

© Sputnik / ПодвицкийЭки президент кызуу кепке киргенде... Канайым калп эле убара болду
Эки президент кызуу кепке киргенде... Канайым калп эле убара болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен АКШнын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу эки саатка уланды. Мурдараак Ак үйдөн сүйлөшүү убактысы жарым саатка белгиленгени айтылган эле. Жолгушууда Владимир Путин менен Дональд Трамп эки тараптуу мамилелерди, жана күн тартибиндеги эл аралык маселелерди анын ичинде Украина менен Сирия тууралуу сүйлөштү.

АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Рекс Тиллерсондун айтымында, эки президент талкуулай турган темалар абдан көп болгон. Ошондой эле ал кайсы бир убакытта сүйлөшүү бөлмөсүнө биринчи айым Меланья Трамп кирип келип сүйлөшүүлөрдү токтотууга аракет кылганын айтты.

"Бул жогорку деңгээлдеги пикир алмашуулар болгондуктан аларды эч ким токтоткон эмес. Башкалар сүйлөшүү бөлмөсүнүн эшигине улам-улам баш багып карап турушту. Бир убакта канайым кирип маекти токтотууга аркет кылган. Бирок андан да майнап чыкпады", — деди Тиллерсон.

Эки дүйнөлүк державанын лидерлеринин жолугушуусу Гамбургда "чоң жыйырмалыктын" жыйынын алкагында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0