Россиялык министрдин иш сапарынын учурундагы дал ушул факты Америкадагылардын көбү үчүн башкы жаңылык болуп калды.
Басылмалар ызы-чуу түшүп, Лавров менен Трамптын жолугушуусуна киргизүү деген теманы талкуулашууда. Кудай бетин салбасын… имиштер, фантазиялар тимеле шакардай шарактады.
Журналисттер Ак үй протоколдук сүрөттөрдү жарыялабагандыктан, россиялык тараптын тарткан сүрөттөрүн колдонуу, колдонбоо деген "дилемманы" ушундай бир "эргүү" менен талкуулашты. Мындан Америкага бир балээ болуп кетпес бекен, анын артында жаман ой жаткан жокпу, айтор, күмөнсүнүүлөрдө чек болгон жок. Москваны аз жерден эле АКШга каршы кутумга күнөөлөп жибере жаздашты.
Жолугушуунун протоколу менен тартибин аныктоо Ак үйдүн өзүнүн чечими эмеспи.