Кош келиңиз, Ангела Меркель айым!

© Фото / Ася ИбраимоваКош келиңиз, Ангела Меркель айым!
Кош келиңиз, Ангела Меркель айым! - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын 13-14-июль айында Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга биринчи иш сапары менен келет. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келет.

Атамбаев менен Меркель эл аралык, аймактык маселелерди жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулайт. Канцлер Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. 

Иш сапардын алкагында Бишкектин борбордук көчөлөрүндө "Кош келиңиз, Ангела Меркель айым" деген баннерлер пайда болгон.

Ангела Меркелдин келиши менен жабыла турган Бишкектин көчөлөрүнүн картасын Sputnik Кыргызстандын материалынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0