Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жыгылсаң тизеле, сөз уксаң чыйрал!

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖизнь чабанов в Республике Алтай
Жизнь чабанов в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш?

Жылдын жаңырарына саналуу күндөр калды. Көптөр быйылкы жылга саресеп салып, өткөндү таразалап, келечекти боолголоп, жыйынтык менен Кара кийик жылына, 2019-жылга аттаганы турат. Пендебиз, адамбыз, инсанбыз. Узап бара жаткан жыл жашообузда, чөйрөбүздө, ишибизде, жеке жашообузда бир топ окуяларды тартуулады. Бул сапаркы "Бурадар" окуган адамды бир аз болсо да өзүнүн жашоосуна бир жылдык саресеп кылганга жетелесе керек.

…Ар кыл окуялар болду. Бирибиз алыска сапар алдык, дагы бирибиз өлкөдөн качып-бозуп же жөн эле чыгып кеттик, бир даарыбыздын бүлөбүздө наристе пайда болду, бир катарларыбыз түгөй таптык, дагы бирибиз жакыныбыздан ажырадык, канчабыз маңдай жарыла кубандык, көптөрүбүздүн көңүлүбүз калды, бир тобубузду оору коштоду, кээ бирөөбүздө жашоого үмүт жанды. Ошентип биздин күндөр жүз кырдуу мүнөзүн көрсөтүп, жүз сыноого салды. Бул — улуу кыймыл. Ал ошонусу менен кызык тура. Жылды узата карап туруп, ушул ойлорго жетелендим.

Жыгылган сайын тизелеп тура калып; мостойткон сөз уккан кезде чыйрала жалт карап; сенден оолактаганда кара башыңа ишенип; ишиңдин кедери кеткен арабаңды бек тартып, айтор жашоону улаганга милдеттүүбүз. Себеби бул — тирүүлүк. Бул бизге берилген ырыскы, шыбага, мүмкүнчүлүк. Ошондуктан келе жаткан жылды да ойлогондой, пландагандай, максат кылганыбыздай жашап өтөлү. 2019-жылы жакындарыбызга, айланабызга, тааныган-тааныбагандарга мээрим тартуулайлы, жетимдин бешенесин сылайлы, жесирден кабар алалы, оорунун абалын билели, жакшылык жасайлы. Башкасы болбосо да, бул менин, сенин колубуздан келет, бурадар. Анан өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетели, баштаган ишибиздин өтөсүнө чыгалы. Аманчылыкта жашайлы, сүйүктүү ишибиз менен алек бололу.

Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайм, замандаш! Жакшылыктарыбыз арбысын деген тилек менен бүгүнкү "Бурадарга" жетелейин. Бул "Бурадардын" 2018-жылдагы акыркы тизмеги.

Аба ырайы. 28-декабрда Ош калаасында +6…+8, ал эми Бишкекте +6…+8 градус жылуу болот

30-декабрдан 7-январга чейин. Жаңы жылда Бишкектеги коомдук тартипке милициянын 2300 кызматкери көз салат тура

Кыштын кыраан чилдесинде. Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршы экендигин билдирип Нарын эли жыйын курду

Аша чаап кеткен жокпу? Жогорку Кеңештин депутаты чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады

Журналист, депутат, эми төраганын орун басары. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жашыруун добуш берүү менен вице-спикерликке шайланды

Көрбөгөн арманда! 2018-жылдын эң мыкты видеолору. Эми… көз чачырайт!!! 

© YouTube/ Luc Bergeron2018-жылдын эң мыкты видеолору. Көз чачырайт...
2018-жылдын эң мыкты видеолору. Көз чачырайт... - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдын эң мыкты видеолору. Көз чачырайт...

Дүкөнгө же жумушка чыгып эле кайра үйгө кайтпай калуу кандай коркунучтуу. Sputnik жыл жыйынтыгын чыгарууда. Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк… Үрөй учурган жол кырсыктары

Жылды соттошуу менен тосуп алабы? Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшебаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди. Бул саясатчылар жылды соттошуу менен тосуп алабы?

Ажалы жок экен, бирок компенсация да жок дешти. Кайыган ок жолдо кетип бараткан 57 жаштагы кишиге тийип, бирок аман кылган. Акчаңа ыраазымын, аман калдым деген окшойт. Ош шаардык ЖКККБ жетекчисинин айтымында, жабыркаган киши инспекторго эч кандай доосу жок экенин билдирген маалымат түшкөн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Колуңдан келишинче бактылуу бол! Бакыт – сенин жакындарыңдын амандыгы, маңдайыңда жаркылдап турган жарың, чүрпөлөрүң, сүйүктүү ишиң жана чың ден соолугуң.

Бардыгыңыздарга жакшылык каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0