Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Путин мобилдик телефон көтөрбөйт экен...

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдунузбу, мекендеш?

Окурмандарга 20-декабрдын кызыктуу делген окуяларынан тизмектеп сунуштайбыз.

Кечээ өлкөдө, ааламда кызыктар көп болду.

Эң кызыгы, Россиянын президенти Владимир Путин мобилдик телефон көтөрбөйт экен. Ишенесизби, чынында эле кызык маалымат экен.

Океандын ары жагынан дагы бир кызыктуу жаңылык. Валентина Шевченконун кийинки каршылашынын аты аталды.

Айтмакчы, Бишкекте катуу бир талап пайда болду. Аны жасасаңыз, түрмөгө түшпөйсүз, бирок 5000 сом айып тартасыз. Андыктан, абайлаңыз.

Жаш кеткен эле… Темир Жумакадыров атындагы алгачкы стипендия тапшырылды.

Тирүүлүктүн баркын билбейбиз, түккө турбаган нерсе үчүн ит-мышыкча ырылдашабыз. Саясатыңар менен силердин, бурадарлар… Видеону бул жерден көрүңүз.

Билбейт калат дешкенби? Талаага ташталган 1,5 жаштагы бөбөктүн ата-энеси табылды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна: тирүүлүктү баалай билели!

Жакшылык каалап Мирбек Сакенов.

Жаңылыктар түрмөгү
0