Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аткаминердин күтүүсүз коногу болуу жакшы экен

Жазылуу
Кутман таң, окурман! Сыртта жааган кар айлананы ак түскө боёду. Чыныгы кышты эми көргөндөй болуп атабыз.

Жан дүйнөбүз да ушул ак кардай таза болсун деп алдыны көздөй жөнөйлү. Убакыт өтүп жатат. Албетте, бизди күтмөк беле. Кечээ эле жайдын аптабынан качып көлөкө издеп жүрсөк, бүгүн жаңы жылдын босогосун аттап жатабыз. Сиздерде кандай билбейм, мен эртең менен келип көзүмдү ачып-жумганча эле кеч кирип калууда. Деген менен ар бир күндү жемиштүү өткөрүп, пайдалуу иштерди жасоо өзүбүздүн колубузда. Анда кечээги күндүн маанилүү кабарларына саресеп салалы.

Кечээ мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ишмердүүлүгүнөн сырткары Раим миллион, экс-президент менен болгон мамилеси жана туугандарына суроо узатылды. Дагы эмнелер айтылганын толугу менен бул жактан окуй аласыз

Жээнбеков Матраимовдор сегиз жыл бою КСДПга жан дили менен кызмат кылганын, анан ал президент болуп келгенден кийин мурда жактап жүргөндөр кайра жамандап калганын айтып, бул аракет логикага туура келбей турганына токтолду

Мындан сырткары, президент 11 бир тууган, анын 8и азыр бар экенин айтты. Ал туугандары тууралуу ар кандай тарап жаткан имиштерге чекит коюу керектигин белгилеп, азыр ачык айтпаса, беш жыл бою бул сөздөр аны коштоп жүрөрүн билдирди.

Ошондой эле өлкө башчы Кытайдагы этникалык кыргыздар боюнча да пикирин айтып, "кыйкырганда маселе чечилсе мен чыгат элем" деди. 

Андан тышкары, кылмыш иши козголуп чет жакта жүргөн Өмүрбек Бабанов, соттолуп абакта жаткан Өмүрбек Текебаев тууралуу да өз позициясын билдирди. Ошентип журналисттер менен президенттин жолугушуусу 3,5 саатка созулду.

Ал арада депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековду элдешүүгө чакырып, кайрылуу жасады

© Видео / пресс-служба Жогорку КенешаПрезиденттер, элдешкиле! Депутаттын Атамбаев менен Жээнбековго кайрылган видеосу
Президенттер, элдешкиле! Депутаттын Атамбаев менен Жээнбековго кайрылган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Президенттер, элдешкиле! Депутаттын Атамбаев менен Жээнбековго кайрылган видеосу

Өлкөгө жетекчи болуу — миллиондордон бирөөнө буюрган милдет, тагдыр. Каалайбызбы же жокпу, мамлекеттин тарыхынын бир үзүмү анын аты жана амалы менен тыгыз байланышта дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков. Журт башчылары тууралуу эки ооз кеп.

Кечээ президент маалымат жыйын өткөрүп жаткан маалда биз Транспорт жана жолдор министрлигине күтүүсүз "конок" болуп барып, министрдин милдетин аткарып жаткан Жеңишбек Ногойбаевдин жашырып койгон кызматтарын "такташып" келдик.

Ал автобекетти жетектеп турганда одоно кемчиликтери үчүн сөгүш алып, жумуштан бошотулган. Анан кантип министрликке барып калды? Эмнеге муну өмүр баянында жашырып койгон? Кызыктуу жооптуу бул жактан көрүңүздөр. Аткаминердин күтүүсүз коногу болуу жакшы экен. Көбүрөөк шылтоо тапканга убактысы болбой калат го. 

© Sputnik / Эмиль СадыровАвтобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры
Автобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры - Sputnik Кыргызстан
Автобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры

Өлкөнүн казынасын кимдер кампайтып жатат? Кыргызстанда ири салык төлөгөн мамлекеттик ишканаларды тизмектедик

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Аткаминерлер ынсаптуу болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0