Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шевченко алтын кур, Зилалиев кишен тагынды

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРПретендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүз куунак өтсүн!

Эс алуу күнүңүздөр кандай өттү? Бул жума да жаркын маанай менен эстеп жүрө турган апта болсун!

Ал эми биз кечээ эртең менен эле жагымдуу кабарга күбө болдук. Кыргызстандын аты дүйнөгө даңазаланды. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиону аталды. Муну менен ал биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Спортчу кызыбыз атаандашы польшалык Жоанна Енджейчик менен UFC уюмунун эң жеңил салмагында беттешип сазайын берди. 

 

 

Аягында Шевченко Кыргызстанга салам айтып, "Чоң рахмат! Кыргызстан, алга!" — деп кыргызстандык күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

Мушкер кызыбыз чемпиондук курду тагынаары менен биринчилерден болуп президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу куттуктады. "Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Ыңгайлуу учурда мекениңизге келип кетүүгө чакырам", — деди өлкө башчы. Эми келгенде татыктуу тосуп алалы! Жетекчилер да бир телефон чалуу менен эле чектелбейт деп ишенебиз.

Ишемби күнү Кытайдын Санья шаарында 68-эл аралык "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагынын финалы болуп өттү. Анда Мексиканын атынан чыккан Ванесса Понс де Леон жеңүүчү деп табылып, алтын таажы тагынды. Экинчи орунду таиланддык Николин Пичапа Лимснукан алды. Көз талдырган сулуулардын сүрөттөрүн көрүп коюңуз. 

© REUTERS / Jason LeeКонкурс красоты "Мисс мира — 2018" в Хайнане
Конкурс красоты Мисс мира — 2018 в Хайнане - Sputnik Кыргызстан
Конкурс красоты "Мисс мира — 2018" в Хайнане

Саясаттан кеп сала турган болсок, башы ар ызы-чуудан көрүнүп, кызматтан-кызматка которулуп, акыры "бомба" чуусу менен соттолгон Дүйшөнбек Зилалиевге дагы бир айып тагылды. Аны декларациясына туура эмес маалымат жазган деп күнөөлөп кармап келишти да эки айга камап коюшту

Өзүбүз да Зилалиевдин 2015-2016-жылдарга карата тапшырган декларациясын карасак, итке минген абалда экен. Дегеним, ал эки жылда бир миллиондон ашыгыраак эле каражат тааптыр. Жеке унаасы да, машинасы да жок.

Дагы бир таң калычтуу жаңылык уккуңуз келеби? Өкмөт мүчөлөрүнүн мыйзамдуу байлыктарына көз чаптырсак, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун да жеке унаасы жок экен. Жумушка маршрутка менен каттайт окшойт…

Кыргызстандын экинчи борбору катары расмий макамга ээ болгон Ош шаары — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында өзгөчө мааниге ээ калаа. Мына ошол шаарга жазуучунун тагдыры бир нече жолу байланган, ал тууралуу 10 фактыны сунуштайбыз

Узаган жумада белгилүү театр жана кино актеру Арсен (Асанбек) Өмүралиевдин көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак, бирок жүрөк оорусу 70 гана жаштын даамын таттырды. Өнөрпоздун чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү жана Арсен аталышы тууралуу кызыктуу фактылар актердун жубайы жана кызы менен биргеликте даярдалды. 

Борбор калаадагы Жаштар аллеясында кечкисин күйүп турган "Дельфиндер" инсталляциясы пайда болду

© Фото / Жибек КаракееваИнсталляция "Дельфины" на Алее молодежи в центре Бишкека
Инсталляция Дельфины на Алее молодежи в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Инсталляция "Дельфины" на Алее молодежи в центре Бишкека

Кыргызгидромет 10-14-декабрь күндөрүнө карата алынган аба ырайынын божомолун жарыялады

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.74 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Нысаптуу бололу, ишенген адамдарыбыз көп болсун!

Жагымдуу маанай каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0