Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Турмушка чыккандан коркуп жүрөм

Жазылуу
Кутман таң, күнүңүз керемет өтсүн!

Быйыл 23 жашка чыктым. Жакшы үй-бүлөдө чоңойдум, жогорку окуу жайын бүттүм, иштеп жатам, мындан ары эмне кылышым керек? Албетте, дос-туугандар кулактын кужурун жегендей турмушка чыгуу керек. Бирок мен күйөөгө тийүүгө даярмын деп ойлобойм. Биринчиден, баш кошо турчу адамым жок, экинчиден, каалоом жок болгондон кийин мени эч ким мажбурлай албайт, үчүнчүдөн, турмушка чыккандан корко берем. Себеби бүгүн үйлөнүп, эртең эки ажырым жолго түшкөндөрдү күн санап угам. Буга кургак статистикадан мурда эже-сиңдилерден тарта курдаштарыма чейин мисал.

Кечээ "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров менен жубайы Камила Абдилдин ажырашканы белгилүү болду. Жубайлардын бири социалдык тармакта кенен маалымат берди.

Редакция жогорку трибунадан жар салынып, бирок кагаз жүзүндө калып кеткен же эми араң ишке ашырыла баштаган ири долбоорлорду тизмектеди. Катарда ГЭСтен тарта темир жолго чейин бар.

Кыргызстанга ташылган автоунаалар арбыганы арбыган. Быйыл импорт канчага өскөнүнө абай салыңыз.

50 миң адам "балага сүйүнчү" ала электиги белгилүү болду. Эми 200 млн. сом кайда кетет?

Каражат темасын улай, Кыргызстанда жылына 900 млн. сом тапкан университеттер бар экен. Алар акчаны кайда жумшайт?

Хатико го! Борбор калаанын көчөсүн бойлой, Тез жардам кызматынын автоунаасынын артынан чуркаган ит тууралуу видео социалдык тармакка тарады. Көп өтпөй дарыгерлер чоо-жайын айтып берди.

Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.79 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Куштун да уясы бузулбасын!

Амандыгыңызды тилеп Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0