Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жеңелер мактачу кыздар калдыбы?

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФинал конкурса красоты "Мисс Россия-2010"
Финал конкурса красоты Мисс Россия-2010 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүз ийгиликтүү өтсүн!

Кесиптешим Бегимай Бакашева "Азыркы жеңелер бойго жеткен кызды кантип мактайт?" деген темада колумнистика жазды. Аны окусам, бүгүнкү күндүн жеңелери "каш-кирпиги өзүнүкү, оозунда ботокс жок, төшү силикон эмес" деп мактап калганын баяндаптыр. Кесиптешимдин айтып жаткандары жөн жерден эмес, жүйөлүү себеп бардай. Анткени өзүм соңку учурда табигый каш-кирпиги менен жүргөн кыздарды аз көрчү болдум. Анан да ирмесе шамал кыла турган узун кирпиктердин ар бирин бирден сайып чыгат турбайбы. Жасалмасы жөн гана жабыштырып алгандар болот экен. Ошентип жүрүп өзүнүн кирпиги түшүп жок болот. Кашын чийдирип алгандар анча таң калтырбай эле калды окшойт.

Ал эми оозуна ботокс жасатып, төшүнө силикон салдырып чоңойткондор, кечирип койгула. Балким аларды да ошонусу менен жактыргандар бар чыгар. Эгер менин сүйлөшкөн кызым ушундай кадамга барам десе, ошол бойдон мага келбей эле кой демекмин. Бирок эмнегедир ушинтип жүрүп каш-кирпиктен айтпаган кыздарга жолугуп кала берем. Андайда "ай, эмне анча кордодуң, тийбе, өзү өссүн" деп кеңеш берем. Анпесең жасалмасын алып койсо, көзүнүн карегинен башка нерсесин таппай калчудаймын.

Сулуу болууга анчалык эле үзүлүп түшүп аракет кыла бербегиле. Анткени үйлөнүүгө келгенде апаларыбыздын "чырайын чайга чылап ичесиңби" деген сөзү иштеп кетет. Кудайым берген келбетти эле жакшы карап, тыкан жүрсөңөр болгону. Табигый сулуулугуңар кандай экенин жок дегенде бир көрсөтүп койгула. Анткени келинчегимдин душтан чыккандан кийинки келбетин көрүп алып жүрөгүм түшүп калышын каалабайм. Ансыз да макияждын керемети тууралуу интернеттеги видеолор ойго салып жатат.

Стоматолог акыркы жылдары Кыргызстанда "ооздогу жыттан кантип кутулам" дегендер көбөйдү деп коңгуроо какты. Ушул нерсеге тынчсызданып көңүл буруп дарыгерге кайрылса болот.

Ал эми Гүлдана Талантбекова стилин, имиджин, өң-келбетин эле эмес, жадакалса аты-жөнүн алмаштырып же каймана ат менен чыккан ырчыларды тизмектеди. Ушул күнгө чейин Нелянын өз аты Элмира экенин билбептирмин.

Той-топурлардагы обу жок тамадалар жана алардын ыксыз, акылга сыйбаган оюн-зооктору барган сайын көбөйүп баратат. Улгайган эле адамдарды ортого чыгарып алып жыргаган тамадаларга таң бересиң. Алардын айтканын айткандай аткара берчү болдук. Ошондой оюндарды көрүп коюңуз

Кесиптешим Таалайгүл Усенбаева рак менен ооруган беш келин менен баарлашып, жүрөк тилген тагдырларын угуп келди. Арасында өзү онкологиялык ооруканада иштеп жүрүп ракка кабылгандары да бар экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековШвейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями - Sputnik Кыргызстан
Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями

Ишемби күнү Сооронбай Жээнбековдун президенттикке киришкенине туура бир жыл болду. Анын журт башчылыгынын алгачкы жылында бир катар кылмыш иштери козголду. Мурдагы эки премьер-министр, энерготармактын азыркы, мурдагы жетекчилери жана башка үлкөн аткаминерлердин иши тергөөдө. Бир жылында козголгон чуулгандуу кылмыш иштерди тизмектедик.

Бул жерде Жээнбековдун учурдагы жана президенттикке чейинки соңку беш сүрөтү камтылган. Айырмачылыктарды байкап, салыштырып көрүңүз. 

"Ош" базарда өрттөнгөн "Берекет" кичи базарынын сатуучулары ишемби күнү соодасын токтотуп митингге чыгышты. Айтымдарында, администрация аларды мажбурлап жаңы жылга чейин "Берекеттин" өрттөнгөн бөлүгү жагына салынып жаткан имаратка көчүү талабын коюп жатат

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! "Ош" базарындагы сатуучулардын арыз-муңу
3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! Ош базарындагы сатуучулардын арыз-муңу - Sputnik Кыргызстан
3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! "Ош" базарындагы сатуучулардын арыз-муңу

Кыргызгидромет 26-ноябрдан 30-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.79 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эң биринчи өзүңөрдү сүйгүлө!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0