Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Каражат издеген оорукчан аялдар

© Sputnik / Табылды КадырбековШвейных цех онкобольных женщин в Бишкеке
Швейных цех онкобольных женщин в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Алты саны аман киши кандай бактылуу!

"Жараткан ар кимге жашоодо ар кандай сыноо берип көрөт экен" дейт бир кезде рак деген коркунучтуу илдетке кабылган Шайырбү эже.

"Азыр анын баары артта калды, бирок бул илдет менен ооруган жаш кыз-келиндерди көргөндө жаным жай албай койду, жардам берүүнү чечтим. Себеби көбүнүн илдетин укканда күйөөлөрү таштап кеткен. Каражат таба албай кээ бири оору менен күрөшүүдөн баш тартып коюп жатышат. Рак кайгыдан, күйүттөн, ызадан, стресстен пайда болот экен".

Шайырбү эженин мындай сөздөрүн, тагдыры татаал кээ бир келиндердин окуясын укканда жүрөгүм жанчылып, көздөн жаш куюлду. Ооба, ыйлабашым керек болчу, бирок кармана алган жокмун.

Аял байкуш ааламдагы эң мээримдүү жан. Кокус күйөөсү ооруп калса жан-алы калбай жанынан чыкпай карачу ошол адам. Бирок өзү ооруп калсачы, анысы аз келгенсип дартын уккан күйөөсү "коркоктук" кылып таштап кетсечи…

Эртеңки күнүбүз эмне болоорун бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Бирок алты саныбыз аман болуп, колубуздан келип турган убакта кайрымдуулук кылганды унутпайлы.

Дегеним, онкологиялык илдетке кабылган аялдар азыр баасы асман чапчыган химия терапия, дарылануусуна каражат табуу максатында экобаштык тигип сатып жатышыптыр. Видеодон баштыктарды жана оору менен алышкан аялдардын жумушун көрө аласыз

Кечээ өлкөдө көп адам туулган күнүн белгилептир. Алардын арасында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов дагы бар. Эл өкүлү жана мэр тууралуу кабарчылар кызыктуу фактыларды чогултту.

Жалал-Абаддагы тарбиячынын жоругу көпчүлүктү ойго салып, жанын кашайтты. Алсыз, кичинекей балдардан күчүн чыгарган тарбиячы кечээ өзү окуянын чоо-жайын кабарчыбызга айтып бериптир. 

Кыргызстанда 24 саат ичинде кандай окуялар болорун билгиңиз келсе, Sputnik агенттигинин кызыктуу инфографикасын барактаңыз.

"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин кармалды.

Аба ырайы. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, апта аягында жаан катуу жаашы мүмкүн экендигин айтты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Оорубайлы!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0