Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Капчык ээсин күткөн таксистти кантип таптым

© Фото / Предоставлено Кайратом ТентимишевымМосквада таксист болуп иштеген Кыргызстандык Кайрат Тентимишев
Москвада таксист болуп иштеген Кыргызстандык Кайрат Тентимишев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, бурадар! Иш күнүңүздөр ийгиликтүү улансын!

Жагымдуу, жакшы жаңылыктар эле болуп турсун! Узаган жумада "Кыргызстандык таксист Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн" деген маалымат чыгып, мекендештердин жүрөгүн жылытып, сыймык алып келди. Соңку учурдагы таксисттерге байланыштуу жагымсыз окуялардан кийин мындай кабар мага да майдай жакты. Анан да ал жигиттин аманатка кыянат мамиле жасабаган нысаптуулугу таң калтырды. Мындан улам Кыргызстандын аброюн көтөрүп жаткан жигиттин ким экени кызык болуп, аны табууга аракет кылдык. Москвадагы активисттерден, таксисттерден, элчиликтен бери сураштырсам, билбей турганын айтышты. Анан аты-жөнүн таап, социалдык тармактардан издедим. Тилекке каршы, ал биздин башыбыз байланып калган Facebook, Instagram сыяктуу тармактарда отурбайт экен. Анан Россиядагы мекендештер "Одноклассники" тармагында дагы отурчу эле дегенинен карасам, ошол жактан чыгып калды. Жазсам дароо эле жооп берип ошол таксист экенин айтты. Андан соң телефон аркылуу маектешип, окуянын ийне-жибине чейин билип окурмандар менен бөлүштүм. Ал Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган 30 жаштагы Кайрат Тентимишев экен.

Бул жигиттин бир мүнөзүнө баа бергим келет. Ал Кыргызстанда акча чогултуп, унаасын сатып бизнес баштоого киришип, тилекке каршы, банкротко учурап Москвага барууга мажбур болгон экен. Жөн эле банкрот эмес, карызга да батып, азыркыга чейин кутулуп бүтө элек. Ошондой кырдаалда турса дагы бирөөнүн калтырып кеткен накталай акчасын, банктык картасын албай напсисин тыйып койгону эрки күчтүү экенинен кабар берет. Ал кийин полициянын колуна түшүүдөн эмес, кыргыз элине көө жаап алуудан корккон экен. Эмнеси болсо да кайтарып берем деп көгөрүп отура берген. Баракелде, ушундай жигиттерибиз көп болсун!

Дагы бир жакшы жаңылык. Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын премьерасы ушул жылдын 5-декабрында Бишкекте болот.

Көп жыл мурун Нурзат Абдырасулова Европада сунушталган иштен чечкиндүү түрдө баш тартып, мекенинде сейрек кесипке ээ адисти зарыгып күтүп жатат деген ишенимде Бишкекке кайткан. Бирок бул жактан башка чапкандай болгонун айтат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин оператору дрондун жардамы менен Бишкектин бийиктиктен көрүнүшүн видеого тартып алды. Билип алгыла, ушул аба менен дем алып жатабыз. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тынчсызданууга негиз жок деп ишендирүүдө.

Узаган жумада Баткендин эки азаматынын ажал табышы күтүүсүз окуя болду. Бир жыл ичинде укук коргоо кызматкерлери менен аткаминерлерге байланыштуу каргашалуу окуяларды тизмектедик.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ат тезегин кургатпай саясий билдирүүлөрдү жасап жатат. Ал кечээ Сапар Исаковдун камалышы — Раим Матраимов үчүн өч алуу экенин айтты. Мындан сырткары,  учурунда эки жансакчысы  мамлекеттик кызматка келгенин моюндаган. Атамбаевдин дагы эмнелерди айтканы кызык болуп жатса, толугу менен бул жактан окуңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.74 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ушунуңардан жазбагыла, кыргызымдын жигиттери!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0