Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулуулар суукта кантти экен?!

Жазылуу
Кутман таң!

Сырттагы жаап жаткан карды сиз кандай кабыл алдыңыз? Романтиканы сүйгөн сезимтал, назик адамдар жаратылышка суктанып, сыртка чыга калып кар чачышып ойногусу келип, кудум кичине баладай кубанып жатса керек. Ал эми романтика дегенди көп жактыра бербеген туугандар "көмүр алыш керек, унаама кышкы дөңгөлөк салдырайын, жол тыгында кантип жетем, кол чатырды албай калыптырмын" деп боло турчу, жасай турчу иштерине сарсанаа болуп жүргөн чыгаар. Эмнеси болсо да кыш келди, жылуу кийинип, айдоочулар жолду карап айдагыла!

Ушу суукта сулуулар, моданы сүйгөн кыздар кантти экен? Дегеним, кечээки суукта "Айчүрөк" соода үйүнүн жанынан "жылуулуктан сулуулук" деген кыздарды көрүп оозум ачылды. Биринин бутунда жука ботас, тизеси жакшы эле айрылган шым, үстүндө жука күрмө. Мурду кыпкызыл, тоңуп калганы көрүнүп эле турат. Жаш да дейин десем, аны менен тең чамалаш кыздар жакшынакай эле топу, калың куртка кийип татынакай болуп жүрүшөт. Ботасы менен күрмөсү го мейли, тизеси болушунча айрылган шымды ушу суукта эмнеге, кандай максат менен кийип алганын билбей башым катты.

Сулуулар демекчи, сулуулар сынагына катышкан кыздардын айрымдарына силердин да кээде жиниңер келеби? Айрыкча бетин эле жышып, подиумга курсагын чыгарып чыккан кыздар, интеллектуалдык суроолорго бээ десе, төө деп жооп берген бийкечтер, таажы десе өзүн да унутуп кала жаздаган селкилер. Айтор ошондой учурларды калаа тургундарынан сураштырып тизмектеп чыктык

Сулуу эле эмес, акылдуу да болгон жакшы. Алсак, ажарлуу кыз Диана шахмат боюнча алдыга киши салбайт, өзүнөн улууларды да бат эле жеңип коет. Гениалдуу кыздын баянын бул жактан окуңуздар

© Sputnik / Жоомарт УраимовСемикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова

Кыргызстандык аялдар жасаган кылмыштардын рейтингин да сунуштайбыз. Эркекти зордуктагандар да бар экен…

Кыргызстандык "Тайсон" тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу 

© Sputnik / Эмиль Садыров"Тайсон" тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу
Тайсон тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Тайсон" тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу

Баса, аптаны жыйынтыктап жатып соцтармактагы кызыктуу видеолорду да чогулттук. Тойдогу бийлеген робот келинди көрсөңөр бооруңар эзилет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.76 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ак кар аруулук алып келсин!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0