Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бишкектеги батирлердин баасын билип алыңыз

© Sputnik / Михаил ДудинПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Кар аралаштырып жааган күзгү жамгыр жана күндүн сууктугу айлаңызды кетирген жокпу? Эмнеси болсо да жылуу кийинип, чарчабай өз арабаңызды тарта бериңиз!

Кечээ Ак үй тараптан катуу добуштар угулуп турду. Адегенде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулув өз партиясынан чыгарылганы боюнча маалымат жыйын өткөрүп бир топ нерсени айтып берди.

Кызыгы, партиядан эмне себептен чыгарылганын ал өзү да билбейт экен. Эч кандай мыйзамды, тартипти бузбаганын айтууда. Анан "Атамбаевди сатпаганын, ошондой эле аны менен азырынча мамилеси жакшы экенин" белгилейт. 

Маалымат жыйындын тексттик трансляциясын окуп, видеосун көрүңүздөр

© Sputnik / Эмиль СадыровИса Омуркулов выступает с заявлением — прямая трансляция
Иса Омуркулов выступает с заявлением — прямая трансляция - Sputnik Кыргызстан
Иса Омуркулов выступает с заявлением — прямая трансляция

Менин деле ак көңүл досторум, кесиптеш, санаалаштарым аябай көп. Алар мени көчөгө таштабай турганына ишенем. Кечирип койгула, бирок акча алсам кечип койгонун көрө элекмин. Улуттук банк төрага Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын калган суммасын — 4,8 миллион сомду кечип койду. Анын турак жай алуусуна көмөк болсун дешиптир. Оо-о, баракелде! Мага да ушундай жамаатты таап бергилечи!

Айтып оозумду жапканча эле Экономика министрлиги кыргызстандыктарга үй-жайлуу болууга жардам бере турган компания түзүүнү сунуштап жатканын уктум. Бул мүмкүнчүлүктөн ким пайдалана алат жана механизм кандай жол менен иштейт? Бул суроолорго аталган ведомство жооп берди

Ал эми Бишкектеги кыймылсыз мүлк рыногунда батирлер канчадан сатылып жатканына кызыксаңыз, бул жакка баш багып билип алыңыз. Баасы туура келип алып калсаңыз, алдын ала ак өргөңүз менен куттуктап коёюн!

Кечээ Кыргызстанда тартип менен тынчтыкты камсыздап, мамлекеттин бүтүндүгүн жана жарандардын укугун коргогон милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгиледи.

Бир кылымга чукул убакыттын ичинде өз кызматын аткарып жаткан учурунда 272 милиция кызматкери өмүрү менен кош айтышкан. Алардын акыркысы кылмышкердин колунан бычак жеп каза болгон 25 жаштагы ага лейтенант Уларбек Майрамбеков болуп калды. ИИМден тастыктагандай, бактыга жараша, былтыртан бери бул сыяктуу окуялар катталган эмес.

Доктур Эркингүл Койбакова кыргызстандык ооруканалардагы көшөгө артында болчу окуялардан баяндап, жоругу жолдо калчу энелерге кайрылды

Кыргызстандын көк бөрү чемпионатында Чүй менен Ысык-Көл облусунун командалары финалга чыкты. Кимиси чемпион болоор экен эми?..

Бүгүн өлкө боюнча күн суук болуп, жер-жерлерде кар жаашы мүмкүн. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жүрөгүңүздөрдө жана үйүңүздөрдө жылуулук болуп турсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0