Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Доо кеткен достук. Өмүркулов КСДПдан чыгарылды

Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, замандаш.

Жаркын маанай каалоо менен бирге кечээки күндүн маанилүү делген окуяларын Бурадарга тизмектеп, сунуштайбыз.

Ошентип күздүн акыркы айынын алгачкы күнү босогону аттады. Кош келдиң, ноябрь.

Бүгүн республика боюнча жер-жерлерде жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы борбор калаа Бишкек шаарында +3…+5, ордолуу Ошто +7…+9 градус болорун синоптиктер билдирди.

Жаратылыштын эле аба ырайы өзгөрбөстөн, биздин журналист Эламан Кармышаковдун да ичи уйгу-туйгу болуп жатканын жазды. Айылдар арасындагы 4 сааттык аралык тагдырды чечип коебу? Сөздүн төркүнү эмнеде десеңиз, колумнистикасына көз таштаңыз.

Кыргызстанда иттин өлүмүнө байланышкан сот болуп, ал да тагдыр чечээр иштерден болуп калышы мүмкүн. Итти уурдады деп шектелип жаткан киши сотко жактоочусу менен келди. Ага иш Кылмыш кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен козголгон.

Кечээ биздин жаңылыктар лентасына иттер туууралуу маалыматтар биринин артынан бири чыкты. Экинчи кабар кадимки эле мафия мүчөлөрүн калтаарыткан полициядагы жаныбар экен. Кылмышкерлер иттин башына 5 000 евро сайыптыр.

Кечээ Кыргызстандын саясат айдыңын кызыткан дагы бир көрүнүш болду. Депутат, экс-ажо Алмазбек Атамбаевдин жан досу Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды. Кыргыз коомчулугу муну ар кайсы өңүттөн баалап, пикирлерин айтып, учурда уу-дуу болуп турган учур.

Саясаттан башка да жашоо бар. Самаркандда саман учту болуп, андан ары эмоцияга алдырып кетпей, бала-чакага көз салууну эстен чыгарбайлы. Өткөн айда кызылчадан бир наристе чарчап калды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.67 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Доо кеткен достук…

Аманчылык каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0