Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ичпечи апа, ичпечи!

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман күн! Ар бир мүнөт, секундду баалап, кыска өмүрдө ырахаттанып гана жашайлы!

Эне — бала үчүн бүт аалам. Апаң жаныңда болсо дүйнөң түгөл, жашоо жарык сезилип, сенден өткөн бактылуу адам жок болот эмеспи. Дүйнөдөгү эң сулуу аял сенин энең болот, ааламдагы эң мээримдүү аял сенин эле энеңдей туюлат. Бирок баланын энеге болгон ушундай таза, аруу сезимин айрым аракеч энелер талкалап салсачы…

Кечээ мас апасын тургуза албай мукураган бөбөктүн видеосун көргөндө көзүмө жаш айланып, жүрөгүм сыгыла түштү. Алсыз бөбөктүн ишенгени, таянганы, сүйүктүүсү, ааламда эң эле жакын адамы энеси да. Баласын жинди сууга алмаштырган аял аны сезди бекен?! 

© © Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосуМас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео
Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео

Кандай эне тууду экен, Жоламандай жигитти. Венгрияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль тагынган Жоламан Шаршенбеков бүгүн мекенине кайтып келди. Балбанды дос-тууган, күйөрмандары өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Жоламандай уулду төрөп, аны татыктуу тарбиялаган ата-энесине алкыш!

Спорт демекчи, Көк бөрү боюнча өтүп жаткан өлкө чемпионатынын экинчи күнү Бишкек, Жалал-Абад жана Ысык-Көл командаларынын жеңиши менен аяктады. Бүгүн оюн талаасында кайсы командалар беттешет деп отурсаңыз, дароо бул шилтеме аркылуу кирип программа менен таанышыңыз

Эгер айылда чоңойсоңуз, убагында чүкө ойноп калсаңыз керек. Мен да кичине кезимде байке, инилериме кошулуп алып аябай ойночу элем. Бирок азыр телефон, гаджеттин көбүнөн айылда деле бул оюнга кызыккан балдар азайып калыптыр. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев чүкөнү жайылтуу максатында, эпоксид чайырынан тунук чүкөлөрдү жасаптыр

© Фото / Азамат ЖаналиевНеобычные альчики Азамата Жаналиева
Необычные альчики Азамата Жаналиева - Sputnik Кыргызстан
Необычные альчики Азамата Жаналиева

Эң бышык автоунаалар кайсылар экенин билгиңиз келсе, бул жактагы макаланы окуңуздар.

УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатканын айтты.

Ошондой эле Илмияновго 150 миң доллар берди деген компания тууралуу бир топ фактылар белгилүү болду.

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүүдөн өндүрүлгөн 2 миллион 259 миң 084 сомду атайын эсепке которду.

Айтмакчы, ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды.

Бул жаңылыкты учурда соцтармак колдонуучулары катуу талкуулап жатат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.63 (сатып алуу) жана 69.85 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эне — үйдүн куту!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0