Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыштын камын көрө электер кантти экен

© Sputnik / Рухкян / Медиабанкка өтүүАрхив: Дерево с хурмой в Тбилиси
Архив: Дерево с хурмой в Тбилиси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Ичикий, суук кантет?! Түндөл түгөл, аман-эсен, үшүбөй эле чыктыңыздарбы?

Кечээ жумуштан чыгып аялдамада турсам, студентпи же жогорку класстын окуучуларыбы, айтор, 16-17-жаштагы кыздар "тоңуп калдым, эртең кышкы курткамды кийип келбесем, чокоюмду да алмаштырам" деп калтырап-титиреп сүйлөшүп жатышты. Буттарында жука бут кийим, үстүндөгүсү үлбүрөйт. Маршрутка келгиче кар лапылдап жаап, шалбырап суу болуп калышты. Баштарында да эч нерсе жок. Эх, кыздар, кыздар…

Кечээ кечинде кыз-келиндер үйүнө барып алып мага окшоп сандык, чемоданын чачып, кышкы кийимдерин бүт алып чыкса керек. Свитер тапсаң алдыңа шым жок, анысын тапсаң бутуңа ылайыктуу эч нерсе жок. Айтор, аялдардыкы азап эле да. Болбосо гардеробдун 90 пайызы биздин кийимдер. Ал эми эркектер кыштан оңой чыгып кетишет.

Төө-Ашууга болсо кечээ эле 20 сантиметр кар жаап салган

© Видео / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиТөө-Ашууга 20 сантиметр кар жаап, бороон-чапкын болууда
Төө-Ашууга 20 сантиметр кар жаап, бороон-чапкын болууда - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашууга 20 сантиметр кар жаап, бороон-чапкын болууда

Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайы божомолун таратты

Ар бир мезгилдин өзүнүн керемети бар. Бүтө элек алтын күздүн кооздугуна видеону көрүп бир суктанып алгыла! 

Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчулар "Даңк" медалы менен сыйланышты

Ал эми учурда дүйнөдө өтө популярдуу болуп жаткан ирландиялык Конор Макгрегор реванш беттеш үчүн Россиялык ММА мушкери Хабиб Нурмагомедовго 15 миллион доллар сунуштаптыр. Бирок Нурмагомедов "Конор Хабибди кызыктырбайт. Ал эч кандай акча үчүн беттешке чыкпайт" деп жооп бериптир

Мигранттар. Москвада кыргызстандык балдар мушташып 19 жаштагы жигитти бычактап коюшкан. "Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калды" деген маалыматтын чын-төгүнүн кабарчыбыз Эламан Кармышаков билип көрдү

Ии баса, Бишкек шаарына тиешелүү Түштүк-Батыш көрүстөнүндө киши көмүлгөн деген мүрзөдө сөөк жок болуп чыкты

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.22 (сатып алуу) жана 69.51 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сулуулуктан жылуулук!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0