Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жээнбековдун бир жылы, топ кубалаган депутаттар

Жазылуу
Көздү ачып-жумгуча кыш кылычын алып жакындап келди. Жакындап дейм да, четинен басып жатат.

Былтыр ушул кезде Кыргызстанда саясий кырдаал абдан кызуу жана "ысык" болчу. Президенттик шайлоонун эртеси болуп, КСДПчылар топусун көккө ыргытып, маңдайы жарыла сүйүнүп жүрүшкөн. Себеби КСДПнын атынан чыккан Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңип чыккан эле. Ажо бир жыл ичинде эмне кылып, кайда барганын, калктын эсинде кандай иштери менен калганын тизмектеп көрдүк.

Шайлоо демекчи, шайлоого катышкандар тууралуу сонун материал жасадык. Анда шайлоочулардын ысымдарын шурудай тизип карап, кандай ысымдагылар көп добуш бергенин санадык. Азамат менен Айнура аттуу шайлоочулар өтө активдүү экен. Уланбек менен Айзада ысымдуу кишилер бул тизмени жыйынтыктайт. Тизмеде сиздин да атыңыз болуп калышы ыктымал. Бир карап коюңуз.

Эгер сиз топтун артынан тердеп-кургаганына карабай чуркап футбол ойноп жүргөн министр менен депутатты көрсөңүз эмне кылмак элеңиз? Ошолор дагы топ ойнойт бекен деп таң калып жатасыз го, ээ? Өткөн дем алышта министрлер менен депутаттар топтун артынан чуркап футбол ойношту.

Дүйнө жүзүндө болуп өткөн олуттуу окуяларды беш мүнөттүн ичинде окуп билсе болобу? Албетте, болот. Ал үчүн апта ирмемине кирип сүрөттөргө көз чаптырыңыз.

© AP Photo / Alexandre Groyer / Marine NationaleСтолкновение тунисского и кипрского кораблей у берегов Корсики
Столкновение тунисского и кипрского кораблей у берегов Корсики - Sputnik Кыргызстан
Столкновение тунисского и кипрского кораблей у берегов Корсики

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.16 (сатып алуу) жана 69.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жылуу кийингиле, сыртта суук. Силерди сыйлаган Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0