Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эмчектеги баласы менен көчөдө калган келин

© AFP / ORLANDO SIERRAЖенщина с ребенком. Архивное фото
Женщина с ребенком. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Сыртта суук. Сулуулуктан жылуулук демекчи, бырылдап-шырылдап жүргүңөр келбесе уялбай этпей бутка өтүк, башка топу кийгиле. Мээни үшүк алып кетпесин.

Көчөдө калган жаш келин. Ушундай суукта эмчектеги бала менен көчөдө калган энени элестетип жатасыздарбы? Кандай коркунучтуу, аянычтуу… Көрсө, эне-баланын каргышынан коркпогон, акча дегенде баласын да ойлобогон ата сөрөйлөр арабызда бар экен. Кайын журту, күйөөсү 1,5 жаштагы жана 5 айлык эки баласы менен көчөгө чыгарып койгон келиндин окуясын окусаңар жүрөк ооруйт. Буга себеп келиндин төркүнүнүн жакыр жашоодо жашаганы экен. Кокус ал келин бардар жердин кызы болуп калганда акча деген немелер анын бутунан деле өөп-жыттап, тамак жасаганды билбесе да жерге-сууга тийгизмей мактамак болуш керек. Пейил бузулган жаман. Арабызда келинге жардам берчүлөр чыгып калаар. 

Бишкектик проктолог геморройдун үч себебин атады. Дарыгер менен кабарчыбыз Асель Минбаева маектешти 

Ал эми хирург Мамбет Мамакеев айылына кат жазып, оор кезеңге туш келген балалыгы, кедейликтин азабы, бир ирмем да унутпаган энеси тууралуу айтып берди

© Фото / из личного архива Мамбета МамакееваХирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев

Оруска окшогон, бирок каны-жаны кыпкыргыз, болгондо да нарындык жигит Азим Бектурган уулу өзүн колумнист катары сынап көрдү. Такси кызматында иштеп жүргөндө аны көбү оруска окшоштуруп, ошонун айынан көп кызыктуу учурларга кабылганын баяндады

Кабарчыбыз Эламан Кармышаков WhatsApp тайпадагылардын кыжырды кайнаткан учурларын тизмектеп чыккан. Арасында баарыбыздын телефонубузда бар "туугандар", "достор" тайпалары тууралуу да жазылган. Макаланы окуп "чын эле" деп бир жыргап алгыла.

Гүлдана Талантбекова көргөн спорт кабарларынан да кыпчып кетейин. Россиялык ММА мушкери, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык боксчу Флойд Мейвезерди рингде күч сынашууга чакырды. Дымагы күчтүү экен.

Ал ортодо россиялык ММА мушкери Федор Емельяненко Bellator 208 турниринин алкагында уткан америкалык Чейл Сонненге командасынын спорттук костюмун белекке берди. Чыныгы эркектигин көрсөтүптүр.

Кыргызстандык балбандар Махмудов менен Тыныбекова дүйнө чемпионатына катышпай калыптыр. Кимдер барарын тизмеден билип алгыла

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.20 (сатып алуу) жана 69.48(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Байлык — колдун кири!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0