Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кафе-ресторандан көңүл калды, эми эмне жейбиз?

© AP Photo / Alik KepliczКафе. Архивдик сүрөт
Кафе. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жашоонун жакшы күндөрү көп болсо, анан да жакындарыбыз дайыма жаныбызда жүрсө...

Атамдын тамы. Күн мурун туулган айылыма бардым. Турмушка чыккандан кийин кыз киши төркүнгө анда-санда эле каттап калат турбайбы. Анын үстүнө Ат-Башы алыс, апам көбүнчө шаарда болгондуктан туулган жерге атамдын үйүнө көптөн бери бара элек болчумун. Бала кезде айылдын көчөлөрү чоң-чоң көрүнүп, үйүбүз көчөнүн заңгыраган тамындай сезилчү эле…

Үйдүн сырты сынынан кетпептир, бирок жанына эки кабатуу, бышкан кирпичтен үйлөр салынып жаткангабы, айтор, мурункудай бийик, чоң көрүнгөн жок.

Атамдын көзү өткөндөн кийин ээн калбасын деп ал тамга улуу байкем көчүп барган. Өздөрүнө ылайыктап ичин башкача кылып жасап коюшуптур. Апам аздектеп колдонгон буюмдарынын айрымдары сынып, кээси сыртта жатат. Баарыбыз эле азыр эмеректен баштап идиш-аякка чейин жаңырталы деп эле жанталашып калбадыкпы. Бирок ал оокат улуу муундун кишилери үчүн эскини, өткөндү эске салган таберик эмеспи. Аны жаштар кайдан билебиз, "Советтер Союзунан калган" деп ыргытчусун ыргытып, өрттөчүсүн өрттөп жатабыз го…

Жөн эле ой. Улуулардын аздектеген буюмун биз да барктай жүрөлүчү.

Боз топурак сапырылып, шаардагыдай шарттар жок болсо да айылымдын абасы кандай сонун, апамдын ысык чайын ичип, туугандарымдын сыйын көрүп келдим. Бактылуумун.

Шаарда болсо баягыдай эле кымгуут жашоо. Бир күн Ат-Башыга барып келсек, шаарга аз жерден кыш келип кала жаздаптыр.

Эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арыз жазган экен

Эсиңиздерде болсо Мамытова мурун ЖК депутаты эмес беле. Sputnik агенттигинин кабарчылары министр боло калам деп чырга кабылган ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары тууралуу кызыктуу материал жасады

Киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча сот болуп, анда жабыркаган тарап соттолуучудан 2 миллион сом жана сөөктү көмүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылып жатканы маалым болду. 

Суук демекчи, Баткендин Лейлегине лапылдап кар жаап салыптыр. Жергиликтүү тургундардын айтымында, көбү алмасын жыйнап бүтө элек экен

Өлкө башчы болсо жумушчу сапары менен Таласта жүрөт. Баса, ал жакта 250 адамды иш менен камсыздай турган завод ачылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие завода по переработке фасоли в Таласской области
Открытие завода по переработке фасоли в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Открытие завода по переработке фасоли в Таласской области

Кубанычтуу кабар. Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга чейин көтөрүлдү.

Сиз буга чейин кайсы кафе-ресторанга барып тамактанчу элеңиз? Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калаанын мыкты жана начар кафелерин атады. Тизмеден тамактанып жүргөн кафеңизди карап, ага кандай баа берилгенин текшерип коюңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.27 (сатып алуу) жана 69.53(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Асыл ой, адал иш, ак сөз — турмушка баш, көз.

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0