Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Азыркы эркектер тукумсуз болуп калабы?

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүОфистеги киши. Архивдик сүрөт
Офистеги киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, жакшы жатып жай турдуңузбу?

Медицина темасын жазып жүрүп көп оорулардын келип чыгышын түшүнүп жатам. Алардын актуалдуусу — эркектер арасындагы тукумсуздук. Тукумсуздуктун бирден бир себеби эркектин жыныс мүчөсүндөгү варикация (шишик — ред.) экен. Маек курган дарыгер-урологдордун айтымында, көпкө отурганда жамбаштан ылдый кан айлануу начарлап, тамырлар ичкерип, шишип кетет. Жыйынтыгында эркектин тестесторон гормону чыңалууга учурап тукумсуздукка кептелет. Илдет көбүнчө кеңседе иштеп, эртеден кечке маршруттук такси айдап, оор жүк көтөргөндөн, аз кыймылдуу жашоо образынан же жөн гана ныгырылып отургандан пайда болот. Өзүңүз билгендей мындай жумушту аркалаган эркектердин саны көп. Анча эмне тукумсуздукка сарсанаа болот деп ойлобоңуздар, бул учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири деп эсептейм. Урологго маалы менен көрүнүп туруу ашыктык кылбайт.

Биротоло дагы бир ооруну камтый кетейин. Наристелер арасында жамбаш менен сандын ортосунда жайгашкан томук сөөктүн убагында өрчүбөй калышы (дисплазия — ред.) көп кездешүүдө дейт Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгер-травматологу, ортопед Анвар Халилов. Адис менен биргеликте оорунун себеби, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу материал жасадык

© Sputnik / Табылды КадырбековЛечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане

Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери төрөттөн көз жумган энелердин санын айтты. Ойлонто турчу маселе экен.

Кабарчыбыз Бегимай Бакашева өлкөнүн биринчи адамдарынын бою жана салмагы канча экендиги тууралуу инфографика жасады. Баса, кесиптешим редакциядагы тажрыйбалуу журналисттердин катарында. Анын жасаган материалдарын кууп окуп, ар дайым бир нерсе үйрөнүнүүгө далалат кылып турам. Маңдайымда да отурат.

Саясат темасын улай, кечээ депутат Махабат Мавлянова ЖКнын жыйынында кытай туристтерине визасыз режим киргизүү керек деп айтып ийип сөзгө калган. Көп өтпөй ага түшүндүрмө берди

© Facebook / Жогорку КенешКытайлардан шек санай бербейли! Мавлянованын виза боюнча түшүндүрмөсү
Кытайлардан шек санай бербейли! Мавлянованын виза боюнча түшүндүрмөсү - Sputnik Кыргызстан
Кытайлардан шек санай бербейли! Мавлянованын виза боюнча түшүндүрмөсү

Ал эми спорт сүйүүчүлөрүнүн башы бириккен жерде Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши талкууланып жатат. Кечээ Хабибди UFC турниринин ачык машыгуу иш-чарасы учурунда атаандашынын күйөрмандары кодулашты. Анткен менен күчтүүлөрдүн маселесин куру сөз эмес, жекшемби күнү боло турчу беттеш чечет.

Эми жумага карата аба ырайы менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.14 (сатып алуу) жана 69.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил!

Амандыгыңызды тилеп Гүлдана Талантбекова

Жаңылыктар түрмөгү
0