Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Дагы кайсы мекемеден иттин өлүгү чыгаар экен?..

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүз жемиштүү өтсүн!

Айта турган сөз көп! Кайсынысынан баштаарымды да билбей турам. Бизде эле ушундайбы же башка өлкөлөрдө да биздикине окшош окуялар болуп турабы? Билгендер айтып койгулачы.

Алгач көчөдөн кеп салайын, Бишкек — Кара–Балта жолу боюнча каттаган №302 маршрутканын бир айдоочусунун жини мурдунун учунда экен. Күбөлөрдүн айтымында, катуу жаңыртып коюп алган музыканын үнүн акырындатууну сураган аялга атырылып кол көтөрүүгө чейин барган. Жаш балдардын чыңырып ыйлап жатканын да көзгө илген эмес. Социалдык тармакка тараган видеодон сөгүнүп-сагынып жатканын да көрүүгө болот. Бирок кечке жуук ал айдоочуну милиция кызматкерлери кармады.

Өзү иштеген мекемеде коррупция күч алганын айтып чыгып, жумуштан мыйзамсыз бошотулганына даттанган Анара Мамбеталиева эстен чыга элекпи? Коопсуздук кеңеши ал Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчылыгынан негизсиз кетирилген деп тапты. Аны менен кошо инспекциядагы "бир короо" мыйзамсыз иштер аныкталган. Жетекчилер өзүнө маянасынан ашыкча акча чегерип алып, сый акы төлөөдө, форма жана белек сатып алууда каражаттарды максатсыз пайдаланган экен. Коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери көрүлгөн эмес. Ушуга окшогон мекемелерди тыкыр текшерүүгө алса дагы канча иттин өлүгү чыгаар экен?..

Ал арада экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦиндеги авария тууралуу макала жазды.

Акыркы учурда коомчулукта пенсияга байланыштуу түрдүү талкуулар жүрүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик кызматта эмгектенип жаткан жана мурун иштеген аттуу-баштуу адамдар канча пенсия ала тургандыгын тактап көрдү.

Бул ак халатчандар ишинде миңдеген адамга экинчи өмүр берип, "залкар дарыгер" деген атка татыктуу болушкан. Бирок бардыгы эле алар жабыркаган оору тууралуу биле бербесе керек. Кесиптешим Гүлдана Талантбекова белгилүү дарыгерлердин өз оозунан илдети тууралуу сураштырган.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.94 (сатып алуу) жана 69.21 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ак иштеп, адалдап жейли!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0