Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Карылык баарынын башына келет

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДолгожитель Магомед Лабазанов
Долгожитель Магомед Лабазанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күнүбүз куунак өтсүн!

Өмүр бою жаш, күүлү-күчтүү бойдон өтчүдөй, кээде кары адамдарга сый-урматты унутуп калабыз. Бирок бир кезекте карылык биздин да башыбызга келерин унутпасак. Алсыз атага асылып, анысы аз келгенсип аны уруп-сабаган эркекти эркек деп айтууга болобу?

Кечээ Бишкекте айдоочу машина токтотуучу жайда иштеген улгайган адамды тээп-чаап сабап салган. Видеону көрсөңөр жаныңар кашаят.

Уялбагандан өзүң уял болуп, милицияга келип көрсөтмө бергенде айдоочу "кылганыма өкүнөм, бирок өзү ошого жеткирди" деп айтыптыр. 

Кандай болгон күндө да ал атасындай болгон кишиге кол көтөрүүгө кантип дити барды. Ошол атанын ордунда дене бою чың, спортчу киши турганда колу бармак беле? Өзү да бир күнү карыйт… Эми ага кылмыш иши козголду.

Баткенден Бишкекти көздөй жөө жөнөгөн 63 жаштагы аксакалдын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда. Сайтраим Абдилатов унаасы менен коюп кетип киши өлтүрүүгө шектелген уулун милиция ак жеринен камап койду деп арызданууда. Мындан улам ал акыйкат издеп борбор калааны көздөй бет алган.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысын шайлашты. Добуш берүү жашыруун өтүп, Рита Карасартованы 9 депутат, Рыскул Бактыбаевди 6 депутат, Канатбек Азизди 19 жана Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Убагында Мамытов коргоо министрлигинен тарта, мамлекеттик чек арага чейин башкарып, ЖК депутаты да болгон. 

Ал ортодо Мамытов "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун "сырын" ачып койду

Аткаминер, депутаттарыбыз бири-биринин айыбын ачып отура бербей аймактардагы көйгөйлөргө да көңүл бурса жакшы болот эле. Мисалы Ноокат районундагы мектеп урайын деп эле калыптыр

Кыргыз киносунун жаркыраган жарык жылдызы Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттө калган ирмемдерин да сунуштайбыз. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКадр из фильма "Красное яблоко"
Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Кадр из фильма "Красное яблоко"

Кайталангыс талант ээси 26 жыл мурун көз жумган.

Кыргыздын каймактары бир дасторкон үстүндө отурган таберик сүрөттү да көргөндү унутпаңыздар. Арасында манасчы Саякбай Каралаев, жазуучу Аалы Токомбаев, Касымалы Жантөшев, Шүкүрбек Бейшеналиев, акын Кубанычбек Маликов бар. 

© Фото / из семейного архива МаликовыхПисатель Шукурбек Бейшеналиев, драматург Касымалы Жантошев, акын Абдыкалык Чоробаев, манасчи Саякбай Каралаев, писатель Аалы Токомбаев, акын Кубанычбек Маликов и литератор Омуркул Жакишев за столом
Писатель Шукурбек Бейшеналиев, драматург Касымалы Жантошев, акын Абдыкалык Чоробаев, манасчи Саякбай Каралаев, писатель Аалы Токомбаев, акын Кубанычбек Маликов и литератор Омуркул Жакишев за столом - Sputnik Кыргызстан
Писатель Шукурбек Бейшеналиев, драматург Касымалы Жантошев, акын Абдыкалык Чоробаев, манасчи Саякбай Каралаев, писатель Аалы Токомбаев, акын Кубанычбек Маликов и литератор Омуркул Жакишев за столом

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.18 (сатып алуу) жана 69.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Карысы бардын ырысы бар!

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0