Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Министр элдин эсебинен чет өлкөдө эс алганбы

© AFP / CARL COURTДеңиз жээгинде отурган аял жана эркек. Архив
Деңиз жээгинде отурган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы?

Бүгүн күнгө шейшемби. Жай жаңы эле бүткөндөй болду эле, календарды карасак күздүн биринчи айы деле соңуна чыгайын деп калыптыр. Убакытка пара берип алдасаң да, жалынып сурансаң да алданбай турган, токтобогон нерсе турбайбы.

Кокус убакытты аткаминерлер, депутаттар башкарса кандай болмок экен, кызык. Анда алар "ар кимдин убактысын токтотуп берип" укмуш эле акчаларды жасашса керек.

Эшегине жараша тушагы. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын кылыгын айтып оозду жыйгыча болбой, депутат Аида Касымалиева аталган ведомствонун башында турган, министр Таалайкүл Исакунова мамлекеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөгө барып эс алып жүргөнүн айтты.

Касымалиеванын ырасташынча, министрдин орун басарлары да адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүдөрүнө каттатып алып, Италия, АКШ, Кытай сыяктуу мамлекеттерге барып келген.

Сеулдагы учакта чуу салган министрдин мурдагы орун басары Каденова Кыргызстанга келгенден кийин "арак ичкен эмесмин" деп актанса, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан "мас болчу, ал тууралуу айтпа деп талап кылышкан" деп агынан жарылды. Өкмөт өкүлдөрүнүн бул сценкасы кандай жыйынтыкталарына көз салып туралы.

Бул жуманын дагы бир жылдызы. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысын "келесоо" деген депутат Тазабек Икрамов буга чейин кабарчы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда эки-үч унаасы бар экенин айткан. Бирок ал мамлекетке тапшырган декларациясында бир да автоунаам жок деп көрсөткөн экен.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Депутат журналистти "келесоо" дей алабы? Эл өкүлдөрүнүн пикири
Депутат кандай демилгелерди көтөрүп жана кайсы жерде оозунан жаңылып элдин эсинде калганын Sputnik Кыргызстан агенттиги карап чыкты.

Баса, ушул темага байланыштуу кабарчылар азил-тамаша аралаш тест даярдады. Кызыксаңыз өтүп көрүңүз.

Дүйнөдө. АКШ грин-кард боюнча шарттарды күчөткөнү жатат.

Россиянын Newmolot интернет-аукционунда 20 сом номиналындагы купюра 3350 рублдан (3500 сом) сатылууда.

Өзгөндө унаасы өрттөнүп каза болгон айдоочунун тек-жайы такталды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.94 (сатып алуу) жана 68.23(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Убакыт учкан куш, андыктан аны баалай билели!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0