Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Депутаттын унаасын айдап, кыйынсынган айдоочу

Жазылуу
Кутман таң! Күндүн нуру муздаган жүрөктөрдү жылытып, ааламга тегиз тийсин!

Өлкө башчы кеминдиктерге агынан жарылганда. Кечээ мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кемин районунун тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү учурунда президент аталган кызматка келгенден бери дос-туугандары көбөйө баштаганын жана анын ишине үй-бүлөсү кийлигишпей турганын айтып, агынан жарылды. Ошондой эле ал кеминдиктерге балдары тууралуу да айтып берген

Баса, президент айрым министрликтерге жаңы башчыларды дайындады. Тизмени шилтеме аркылуу кирип окуңуздар.

Жаш төрага. Кечээки Бишкек шаардык кеңеши жаңы төраганы шайлады. БШКны эми 29 жаштагы Жаныбек Абиров башкармай болду. Жаш төраганын өмүр баянына саресеп салсак, 2008-жылы ал АКШда жашап, иштеп, кийин Кыргызстанга келип жеке ишкерлик менен алектенген

Коррупцияга каршы чыккан аял. Sputnik агенттигинин кабарчылары экотехинспекциянын иштен кеткен кызматкеринин азыркы абалынан кабар алды. Эске салсак, 22-сентябрда мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып, кайра эч бир ишке орношо албай тургандай берене менен айдалганын билдирген.

Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала. Бир жерибиз ооруп, көзүбүз жаныбызга көрүнгөндө дарыгер Кудайдай сезилип калат эмеспи. Ошол ыйык кесиптин атын айрымдар булгап, бетине көө жапты. Тагыраагы, ымыркайларды сатты деп шектелип сегиз гинеколог кармалганда, элдин үрөйү уча түштү.

ИИМдин тергөө кызматы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Азиз Нурбеков бала сатты делген дарыгерлердин иши боюнча маалымат берип жатып, кармалгандар ымыркайларды 1000 доллардан жана андан да кымбат сатканын айтты

Депутатты ташыган машинанын айдоочусу. ЖК депутатын ташыган жол тандабастын айдоочусу МАИ кызматкерлери менен Sputnik агенттигинин кабарчыларын жакалаган. Өзүн эр ойлогон айдоочунун видеосун бул жактан көрүңүздөр

Айтмакчы, Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Аталган токтомго премьер-министр кол койду.

Эске салабыз! Эртең ишемби, 22-сентябрь Кыргызстанда беш күндүк график менен иштегендер үчүн жумуш күн деп жарыяланды. "Кандайча, эмнеге" деп таң калып жатсаңар, себебин материалдан окуңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.61 (сатып алуу) жана 68.96(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ачууга алдырбайлы.

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0