Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өлкө жылына 210 млн. сомго той өткөрөт экен

© SputnikСтол үстүндөгү торт. Архив
Стол үстүндөгү торт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Иш жумаңыздардын соңку күнү ийгиликтүү өтсүн!

Өлкөбүздүн эң негизги чоң тоюн жакшы айтсак да, жаман айтсак да өткөрүп алдык. Таарынычтар, сын таккандар ар бир тойдо болору таң калычтуу окуя эмес. Буга баш оорутуп же маанай түшүрүүнүн кажети жок. Той болгондон кийин баарын көрөсүң, болгону айрым нерселерге көздү жуумп, бир аз чыдап коюш керек. Тойдогу окуяларды тизмектейин десем, ал бир бурадарга батпайт. Убагы келсе шашпай отуруп айтып берем.

Таң атпай той темасын жөн жерден көтөрүп калганым жок. Кечээ депутат Акылбек Жамангулов Кыргызстан бюджеттен жылына 105 той өткөрө турганын айтты. "Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойго 2 миллион сомдон эле санагылачы, мамлекеттик маанилүү болбогон той-топурга 5 жылга чейин мораторий киргизүү керек" деп парламенттин жыйынында маселе көтөрдү. Мен анын сөзүнө таң калаарымды, кубанырымды же кайгырарымды билбей отурам. 6 миллион калкы бар мамлекет 105 тойду 210 миллион сомго өткөргөнүнө сиздин оюңуз кандай? Антейин десең, өзүбүз той жандуу калкпыз да… Жада калса коштошуп жатып да "Мен шашып жаткам, мейли ээ, тойлордо жолугалы" дейбиз. Ооба, башка нерседен көрө жакшылыктар эле болуп турганы жакшы.

Бирок ар бир майрам чыгымсыз болбойт. Үлпөт той өткөрүүгө камынып жүргөндөр болсо бул материал сиз үчүн. Кийин бармак тиштеп калбайын десеңиз чыгымдарды алдын ала эсептеп алыңыз.

Башында айткан өлкөнүн башкы тою Көчмөндөр оюндары тууралуу уюштуруучулар менен кесиптешим Асел Акматалиева баарлашты. "Келгиле эми, өзүбүзчө отуруп чай ичели" деген маек болуптур.

Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсүнүн көзү менен дал ушундай болду. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт сиздин назарыңызда.

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын

Ал эми депутат Ырыскелди Момбеков дагы эле баягысынан жазбай жүрөт. Кечээ дагы бир "алтын шилекейин куюлтуп" боорду эзди. Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, "жетекчиңизге желмогуз Момбеков жемеледи" деп жеткирип барыңыз деп, сөзүн "сэңк ю вери мач, курбан ыраазы болсун" деп премьер-министр менен Бишкектин мэрин чымчып өттү.

Мэр демекчи борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов "Ала-Арча" дарыясын жээктеп кыдырып, көйгөйлөр менен жеринен таанышты.

Эсиңиздеби, сентябрь айынын башында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган чоң мечитти ачпады беле? Ошол мечиттин көз талдырып, сүйүнткөн күндүзгү жана кечки көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеого түшүрдү.

Өлкө аймагына карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.01 (сатып алуу) жана 69.38 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эмнеси болсо да жакшылыкка буюрсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0