Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Комуздун үнү өчкөндө...

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный музыкальный инструмент комуз
Национальный музыкальный инструмент комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, достор!

Кечээ өлкөдө бир нече жагымсыз окуя болду. Дегеним белгилүү комузчу Руслан Жумабаев 45 жаш курагында каза болду. Өнөрпоз бөйрөгү ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан экен.

Жан кыюу. Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев өз өмүрүнө кол салып, каза тапты. Кожошев 10-сентябрга караган түнү өз үйүндө асынып калган.

Москвадагы кырсык. Москва шаарында өз мекендештерин унаа менен тебелетип салды деп шектелип жаткан Кыргызстанда туулуп, бирок Россиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишевге карата баш коргоо чарасы каралды. Ал тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынды.

Өткөндү эске салып. Мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маек курду. Анда каарманыбыз кызматта турган кезиндеги кызыктуу окуяларды баяндап берди.

Жеңиш! Антсе да күн жагымдуу кабар менен аяктады. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан менен Сириянын курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүп, кыргызстандык футболчулар 2:1 эсеби менен жеңишке жетти. Командалар 2019-жылы боло турчу Азия кубогуна даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында беттешти.

Аба ырайы. Республика боюнча 11-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.80 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Мекенибизде тынчтык болсун!

Жакшылык каалап Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0