Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мекендештерин өлүмгө кыйган кыргыз жигит

© Sputnik / Антон Круглов / Медиабанкка өтүүЭстеликке коюлган гүлдөр. Архив
Эстеликке коюлган гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Той бүтүп, эртеси да болду.

Ошентип бир жумага созулган Көчмөндөр оюну да жыйынтыкталып кыргыз эли той ээсиндей "өх" деп эле жатып калды. Иш-чара экран артындагыларга кызыктуу өтүп жаткандай эле сезилди. А бирок ал жакка барган, ашканасында аралашып жүргөндөр уюштуруу жагы начар болуп калганын айтышууда. Эмнеси болсо да улуулар айткандай тынч өтүп кетти.

Жабылыш аземи ат майданда отурган конокторду эле эмес, аны теледен, интернеттен көрүп отурган бизди деле шаңга бөлөдү. Эстафетаны расмий түрдө Түркия мамлекетине өткөрүп беришти.

Мөңгү суу толтурулган көөкөр менен тапшырылган эстафета, бий менен коштолгон аскерлердин оркестри, жүрөк толкуткан ырлар, элдин черин жаза бийлеткен дүйнөлүк жылдыздар. Мына ушундай ирмемдер менен Көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи эсте калды.

Мунун баары кызык болуп жатабы, анда Spunik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков тарткан сүрөттөр түрмөгү сиздин назарыңызда.

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия  - Sputnik Кыргызстан
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия

Жакшылык менен жамандык ээрчишип жүрөт дегендей баш-аягыбызды жыйгыча Кыргызстанда туулган жигит Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдуруп кетти деп шектелүүдө деген Россиядан суук кабар келди. Кырсыктан бир адам каза болуп, оноо жарадар болгон. Каргашалуу окуя видеокамерага түшүп калган. Кырсык айттырып келбейт, каш-кабактын ортосунда деген ушул экен да.

Жашоодо ар кандай тагдырлар болот, бири балага жетпей зарлап жүрсө, айрымдары баланын баркын билбей таштап кетүүдө. "Тууганыбыздын кызын асырап алганбыз, эми талашып жатат" деп айласы куруган үй-бүлөнүн окуясын да окуп койгула.

Августтагы криминалдык окуяларды уксаңар да төбө чачыңар тик турат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.52 (сатып алуу) жана 69.83 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Тирүүбүздө сыйлашалы!

Эсенчилик тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0