Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эркектерге күздө үйлөнөм деп айтып туруу парзбы?

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүПятнадцатый Венский бал в Москве
Пятнадцатый Венский бал в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш. Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы?

Анча-мынча эркектердин кыжырына тиейин деген ой жок, болгону күздө үйлөнөм деген сөз кулагымдын кужурун алып бүтмөй болду. Муну окуп алып "байкуш күйөөгө тие албай жатыптыр" деп ойлобогула.

Сиз деле көп жигиттин оозунан күздө үйлөнөм дегенди уксаңыз керек. Кечээ таанышым менен кездешип калсам ал да ушинтет, болбосо үч жыл мурда эле үйлөнүп-жайланып иймек, мен аны азыр балалуу болуп калса керек деп ойлоптурмун. Жок эми, пенденин оозунда, кудайдын кулагында же жакшы тилек — жарым ырыс дегениңер дурус. Бирок качан үйлөнөсүң десе, шак эле күздө дей бересиңерби? Кийинки жылы дагы деле бойдок жүргөн болосуздар, анан күздө, күздө деп… Ошондон улам балдарга күздө үйлөнөм деп айтып туруу моюндагы парзбы деген ой келди. Кой эми, таң атпай урушпайлычы.

Жаңылыктарга өтөлү!

Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн оюну уланууда. Мелдештин эң кызыктуу бөлүгү көк бөрү экендиги талашсыз. Күн мурда казак командасы шарттын жоктугун айтып оюн талаасына чыкпай калышы мүмкүн болуп жаткандыгы тууралуу сөз болгон эле, кабарчыбыз Эламан Карымшаков чуунун чоо-жайын териштирди

Көп өтпөй Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы дагы үн катты

Мага окшоп Көчмөндөр оюнуна барбай калгандар үчүн укмуштуудай кооз видео бар

Кыз-кыркындын улуттук кийим менен айкалышкан сулуулугу сүрөтчүнүн бир ирмемине сыйды

Кыргыз эли абалтадан сөздү түздөн түз же кургак айтпай, аны айкалыштырып, уйкаштырып, бир бүтүнгө бириктирип, ойду курч, таамай, тассирдүү, элестүү берген. "Тибиртке" рубрикасында түштүк, түштүк-батыш говорлордогу фразеологизмдер тууралуу кеп кылып, алардын адабий тилдеги маанисин тизмектедик

Кесиптешим Бегимай Бакашева мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун аялы Малика Арстанбекова менен маектешти

Иш баштоодо аба ырайы маанилүү, таанышып алыңыз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.00 (сатып алуу) жана 69.07 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күнүңүз куунак өтсүн, урматым менен Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0