Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бул жай эсимден кетпей калды го...

Жазылуу
Кутман таң! Ошентип жай мезгили да шуулдап өтүп кетти.

Ысыкка көнө албай тердеп-кургап, акактап өзүбүзгө келгичекти эле июль, андан кийин август да аягына чыкты.

Бул жай бирде жылуулук тартууласа, кээде жүрөктү канатып, ыйлатып мен-мен деген мыктылардан ажыратты.

Июлдун 19у. Sputnik агенттигинин коллективи үчүн кара күн. Бир жума мурун эле сүйүктүүсүнө нике шакегин салып үйлөнгөн кесиптешибиз Исмаил Мамытов оорудан улам биз менен кош айтышты. Үлпөт тоюнда ырдап-жыргап каалоо-тилектерибизди айттык эле, "бүгүн көргөн эртең жок болуп" ажалга тарттырып ийип отуруп калдык. Андан бери 40 күндөн ашты. Өлбөгөн жандын күнү өтө берет экен. Исмабыздын элеси ар дайым жүрөгүбүздө…

Ден соолук. Тытынып иштебей ден соолукту караш керек. Сен болсоң деле, болбосоң деле жашоо уланып, иш нугу менен кете берет. Бүтпөгөн көр оокат деп жүрүп качан жаныбыз көзүбүзгө көрүнгөндө доктурга барабыз. Анда баары кеч болуп калсачы… Өзүбүзгө кайдыгер болбой, ар бир нерсени өз убагында жасаш керек экен. "Темирди ысыгында бас" деген сөз да бекеринен айтылбаптыр да. Айтор, аманчылык болсунчу.

Жайкы каникулда төркүнүмө барып, Арпа жайлоосуна эс алып келдим. Бул менин бактылуу күндөрүмдүн бири болду. Анан уулубузду отургузуп, кайненемдин 60 жылдыгын белгилеп элден бата алдык. Бул жайда эсте калган күндөр, окуялар ушулар болду.

Эми өткөн күндүн маанилүү жаңылыктарына токтололу.

Кечээки жаңылыктардын ичинен 43 жаштагы тайвандык аял тууралуу чыккан маалымат көпчүлүктүн оозун ачырды. Кудум 18 жаштагыдай. Бетинде бир бырыш жок. Бул аял муздаткычта эле жаткан окшойт.

 

 

Бишкек — Торугарт унаа жолунун боюндагы каймагы, каттамасы менен "апанын" ысык чайын ичип-жебеген жүргүнчү жок болсо керек. Аны чындап эле жеген да арманда, жебеген да арманда. Ал жерден өзүңдү айылга барып чын эле апаңдын чайын ичип жаткандай болосуң. Дал ушул жерде ишкерлик кылган тургундарды тартып, ал жактагы жашоо тууралуу кабарчыларыбыз сонун репортаж даярдап келишти.

Абактагы аткаминерлер. Камактагы мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун адвокаты президентке ачык кайрылса, Жантөрө Сатыбалдиевдин абалы айтылып, ал түнкүсүн жакшы уктай албай жатканы маалым болду

Көпчүлүк аткаминерлер камалып же соттолоору менен бир жери ооруп жатып калышат. Ал эми экс-премьер-министрдин адвокаты Сапар Исаков жумасына эки жолу спорт менен машыгып жатканын билдирип, башында штанганы жатып көтөргөндө 25 килограммга чейин көтөрүп жатса, азыр 60 килограммга чейин көтөрүп калганын айтты

Баса, эртең Эгемендүүлүк күнү. Бул күндү майрамдоого президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаеваны чакырыптыр. Ким келип, ким келбесин эртең көрө жатаарбыз.

Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосун да көрүп койгула

© YouTube/ КТРК СПОРТБул кино эмес! Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосу
Бул кино эмес! Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бул кино эмес! Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосу

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.75 (сатып алуу) жана 69.07 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы сөз жан эргитет! Бири-бирибизге жылуу сөз арнаганды унутпайлы!

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0