Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жээнбеков Атамбаевден алда канча бай бекен?

Жазылуу
Мына ошентип жайдын акыркы ирмемдери да саналуу күндөрдөн кийин аяктаганы турат.

27-августта Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков 55 жашка чыкты. Бул даталуу күнгө карата Жээнбеков тууралуу кызыктуу фактыларды даярдадык. Ии, баса, аткаминердин 2015-жылы тапшырган декларациясына ылайык, ал ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевден эки эсе бай экен. Экс-төрага, учурдагы депутат тууралуу кызыктын баарын бул жакка тизмектеп жазып койдук.

Бардыгыбыз айлыгы жогору жумушта иштегибиз келет. Учурда Кыргызстанда кайсы тармактын ити чөп жеп жатат, айлык-маянасы канча болуп жатканын билгиңиз келеби? Кулак кагыш катары айта кетейин, расмий маалыматтар боюнча финансы жана камсыздандыруу жаатында иштегендер 30 миң сомдон кем алышпайт экен. Өлкөдө көп айлык алгандардын тизмесин бул жактан караңыз.

Саналуу күндөрдөн кийин Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде башталат. Жер жайнаган кишилердин коопсуздугу кандай болот деп тынчсызданбай деле койсоңуздар болот. Айтайын дегеним, элдин коопсуздугуна алты миңден ашуун милиция кызматкери көз салат.

Ал арада Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова 100гө чыгып каза болду. Анын сүрөттө калган ирмемдери.

Эгер мен сизге сууга жумуртка кууруп жедим деп айтсам ишенет белеңиз? Эй, калп айтпачы, калптын казаны кайнабайт деп ишенмек эмессиз. Ооба, сиздин мындай ойлогонуңуз дагы туура. Кочкордо күйгөн сууга биздин кесиптештер барып жумуртка кууруп жеп келишти. Кантип дейсизби? Кадимкидей эле.

Ии баса, Түркмөнстандан алган таасирлерди дагы тизмектеп жаздым эле. Көпчүлүккө табышмак болгон бул мамлекет тууралуу көрүп, сезгендеримдин бардыгын төгүп чачпай баяндаганга аракет кылдым. Мрамор менен чулганган шаар сиздерге дагы таасир берет деп ишенем.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.53 (сатып алуу) жана 68.83 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бирибиз өзүбүзгө жаккан, рахат алган иштен иштейли деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0