Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15: Ысык-Көлдү сүзүп өтүү кеп бекен...

Жазылуу
Кутман таң, достор!

Кечээ спорт, саламаттык сактоо тармагында жагымдуу кабарлар көп болду. Мисалы, Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргыз спортчулары дагы төрт медаль тагынды.

Спортчу депутат. Мындай жаңылыкка жүрөк жылып турган учурда Жогорку Кеңештин 54 жаштагы депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине сүзүп өткөнү белгилүү болду. "Бир Бол" фракциясынын депутаты жекшембиде өткөн Issyk-Kul Swim Challenge аталышындагы мелдештин катышуучулары арасында 14 чакырым аралыкты сүзүп, экинчи келди.

Өзүнчө эле романтика. Ал ортодо бишкектик жигит сүйүктүүсүнүн колун өзгөчө ыкма менен сурады. Ал мекенине чет өлкөдөн учуп келген кызды күтүү залынан "Кундуз, мага турмушка чыгасыңбы" деген плакат көтөргөн адамдар менен тосуп алды.

Жылмайган айылдыктар. Ирландиялык Ричард Ватсон аттуу кесипкөй фотографтын тарткан сүрөттөрү акыркы жумада кыргызстандык интернет колдонуучулардын көз жоосун алууда. Бул жолу Sputnik агенттиги сүрөтчүнүн айыл тургундары тууралуу сүрөттөрүн жарыялады. Ватсон сүрөттөрдүн алдына кыргызстандыктардын ушунчалык жайдары жана меймандос болорун күтпөгөнүн жазган.

Баса, босогодо күз. Бул мезгилде элибизде тойлор көп болорун баарыбыз билебиз. Ал эми азыркы тойлордун башкы каарманы ким? Албетте, тамада. Кесиптешим Эламан Карымшаков  тамадалардын кыжырга тийген кылык-жоруктарын тизмектеп чыкты.

Элге майдай жакчу жаңылык. Бул күз кыргызстандыктар үчүн төрт күнгө созулган эс алуу менен башталат. Тагыраак айтканда, дем алыш күндөрү 31-август жана 1-2-3-сентябрга туш келет.  Эмне себептен эс алуу күндөрү бир нече күнгө уланарын Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

Аба ырайы. 27-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы жаңылыктар көп болсо экен!

Аманчылык каалап Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0