Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15: Депутат окуучуларга кол шилтеп калганда...

Жазылуу
Амансыңарбы, туугандар! Жакшы жатып, жай турдуңарбы?

Кечээ кызыктуу окуя болду. Жаңы окуу жылын утурлай Sputnik агенттиги Бишкек жана анын тегерегиндеги мектептерде орун жетишсиздиги, 3-4 смендеп окуган окуучулар көйгөйүн талкуулоо үчүн тегерек стол уюштуралы деп тиешелүү органдардын адистерин чакырып жатканбыз. Бир маалда Жогорку Кеңештин бир депутатына телефон чалсак "мен барбай эле коеюн, аны айтканда эмне, маселе чечилип калмак беле" десе болобу? Эл өкүлү карапайым элдин көйгөйүнө ушинип көз көрүнөө кол шилтеп калган соң башкасы кантет?! Кечээтен бери ошого башып ооруп жүрөт.

Медаль тагынган спортчулар. Анткен менен Кыргызстан өз милдетин чын дили менен аткарып келген адамдардан уучу куру эмес. Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарына катышып жаткан спортчулар кезек-кезеги менен медалдарды тагынууда. Кечээ оор отлетчи Иззат Артыков үчүнчү орунду багындырса, Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды. Кечинде дагы бир балбаныбыз Үзүр Жусупбеков коло медалдын ээси болду. 

Салык кодекси. Бир айдан ашыгыраак убакытта Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Анын күңгөй-тескейин экономика министри түшүндүрүп берди. 

Окуп коюңуз, сөзсүз пайдасы тиет.

Саякат. Ал ортодо кыргызстандык жуналист Айнагүл Сапарбек кызы АКШга барып, кадимки Facebook компаниясынын кеңсесин кантип кыдырганын баяндап берди. 

Келин алган тарапка 6 "болбойт". Ал эми кесиптешим Эламан Карымшаков келин алган тарап кандай кыймыл-аракеттерден баш тартышы керектигин сурашытырып көрдү. Көз салып коюңуз, пайдасы тийип калар.

Туулган күн кут болсун! Кечээ белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров 53 жашка толду. Көрүүчүлөргө "Белгисиз маршрут", "Түнкү кырсык", "Кош келиниз, президент мырза!" аттуу фильмдери режиссеру тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

© Фото / Кулчоро СыдыковКинорежиссер Темир Бирназаров
Кинорежиссер Темир Бирназаров - Sputnik Кыргызстан
Кинорежиссер Темир Бирназаров

Аба ырайы. Баса, бүгүн көчөгө чыксаңыз, сумкаңызга кол чатыр салып коюңуз. Синоптиктер  республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын билдиришти. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.90 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бирибиз мойнубуздагы милдетти так аткаралычы!

Аманчылык тилеп Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0