Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15: Бүгүн Акжол Махмудов чыгат, алтын күтөбүз!

© Sputnik / Владимир Смирнов / Медиабанкка өтүүЛошади недалеко от села Галбай. Архивное фото
Лошади недалеко от села Галбай. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Майрамдык эс алуу кандай өттү?

Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында Азия оюндары кызуу өтүп турган чагы. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат. Ал эми кыргызстандык 150дөй спортчу спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар). Учурда өлкөнүн байге куржунунда үч күмүш, үч коло медаль бар. Азырынча алтынга жете элекпиз. Айсулуу Тыныбекова менен Каныбек Жолчубековдон алтын күтүп, аябай үмүт арттык эле. Анткен менен күч атасын тааныбайт экен, финалда жеңилүү ызасын тартып калышты.

Айсулуу Тыныбекова алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрүп, буга чейин алган жараатынан улам жакшы машыгуу өткөрүп даярдана албай калганын айтты. 

Дагы бир алтынга үмүт арттырган Каныбек Жолчубеков болсо япониялык Шинабу Отага жеңилип күмүш байгелүү болду. Мындан сырткары, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаиловдор коло медаль утушту. Ал эми бүгүн Акжол Махмудов, Иззат Артыков аттуу спортчулар күч сынашат. Аларга ийгилик каалайлы, алтын утуп беришсин!

Баса, Кыргызстанга алгачкы медалды эркин күрөштөн Магомед Мусаев алып берген.

Кечээ өлкөдө кайрымдуулукка жана боорукерликке үндөгөн Курман айт майрамы белгиленди. Майрам таңда жараткандан жакшылык сурап жамааттык намаз окуу менен башталды. Бишкектеги эски аянтка 25 миңден ашуун адам чогулуп намазга жыгылды. Ал эми Ош шаарында 13 миңдей адам майрамдык намазга келген. 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эртең менен 12-кичи райондогу Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан мечитке барган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев кичи мекени Арашан айылындагы мечитке барып намаз окуду. 

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Сахалин облусунун Поронайск шаарында мурда кагаз чыгарган заводдун чатыры урап, эки кыргызстандыкты басып калган. Алардын сөөгү эртеси уранды алдынан табылды. Мындан сырткары, бир тажикстандык набыт болду. Беш мекендеш жаракат алып ооруканада жатат. Ал жерде жалпы 10 адам иштеп жаткан. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.91(сатып алуу) жана 69.22 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Балбандарга ийгилик!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0