Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15: Көк бөрүнүн мыктылары ким экенин билесизби?

Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүз куунак өтсүн! Унутпадыңызбы, сизди алдыда төрт күндүк эс алуу күтүп турат.

Кыргызстандын маанилүү мааракеси деп жамы журт дүрбөп жаткан Көчмөндөр оюндарынын башталышына саналуу эле күндөр калды. Буюрса, бир жума чардайбыз го. Албетте бул мелдешти эрендердин эр оюну көк бөрүсүз элестетүү кыйын. Кыргыздын канына сиңген бул оюндун тамыры тереңде жатат. Бүгүн сиздер менен жакшы жаңылыкты бөлүшөйүн. Баарыбыз сүйүп көргөн, ойногон көк бөрү тууралуу чоң инфографика жасадык. Анын ичинен оюндун тарыхын, эрежесин жана кызыктуу фактыларды биле аласыздар. Бир улакчы жылына 5000-6000 миң доллар табарын билчү белеңиз? Көк бөрүнү мыкты аргымагын 50 миң долларга сатып алышарынчы?..

Мындан сырткары, мыкты командалар менен мыкты улакчылардын рейтинги түзүлдү. Ушул мыкты улакчылар көк бөрүнү алдыга сүрөп, өлкө намысын коргоп жүрүшөт. Быйылкы Көчмөндөр оюндарында дагы ушул жигиттерге ишенебиз.

Өлкөдөгү жаңылыктарга өтсөк. Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусун кыдырды. Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанга кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышууга барды. Анын алкагында Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышты.

Эң мыкты милиционердин баяны. Болот Мурсалиев милицияда 9 жылдан бери иштеп келет. Анын арты менен канчалаган кылмыштардын бети ачылган.

Кесиптешим Гүлдана Талантбекова кыргыздын чапанын даңазалаган уз менен мектешти. Окусаңыздар, аябай кызыктуу маек болуптур.

Кызга көз арткандар эртелеп эле сөйкө салып же куда түшүп коюшкан. Муну менен кыз алчу тарап аны эртелеп "менчиктеп" койгон. Мындан кийин ал кыз "колукту" деп аталып, ага бирөөнүн аманаты катары мамиле кылышкан. Ошол колуктуга болбой турган нерселерди тизмектедик. Муну бой жүргөн кыздар да эсине түйүп алса ашыктык кылбайт.

Кыргызстанда биринчи жолу композиторлорго арналган "Кыргыз кайрык" музыкалык легери уюштурулду. Жумушка жаңы эле келип, уйкуңуз ачылбай үргүлөп атасызбы? Кружкаңызды колго алып кофе издеп жөнөгөндүн ордуна мына салттуу музыка менен классиканын айкалышуусундагы чыгарманы тындасыңыз абдан сергип каласыз.

Жума күнгө карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.32 (сатып алуу) жана 69.57 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эс алууңуздар көңүлдүү өтсүн!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0