Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Депутаттардын кол тийбестиги алынабы...

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш.

Бүгүнкү күндүн бейгам өтүшүн каалап, "Бурадар" кечээги күндүн маанилүү окуяларын тизмектейт.

Баса, Бишкектиктер бүгүн ишке келээр алдында же кетип баратканда эсине алып кое турган учур— Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Убактысын бул жерден бир карап коюңуз

Жол демекчи, Кыргызстандын кайсы жерлеринде жол кырсык көп болорун карта менен көрсөтүп бердик. Эске алып коюңуз, "сактыкта кордук жок" дешет эмеспи.

Кырсыкты кайдан деп болбойт, бирөө суудан, бирөө оттон… Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл сууга чөгүп ажал тапкан адамдардын саны 100дөн ашкандыгын айтып, коңгуроо какты. Алардын жарымынан көбү эркектер экен.

Быйыл каза болгондордун тизмесине тилекке каршы, дагы бир атактуу адам кирген. Таланттуу, атактуу актер, Айтматовдун каармандары Илиясы менен Базарбайын ойногон Дүйшөн Байдөбөтовдун сүрөттө калган элестерин жарыяладык. Жакында актердун кыркылыгы өттү… 

Тамаданы такалаган бөбөк менен фляга ичинде отурган кичине кыз. Эмне, кандай болбосун, жашоо уланып, өмүр кербени жүрө берет эмеспи… Азыр социалдык тармак маалымат булагы, кызыктуу видео менен сүрөттөрдүн ордосуна айланды. Журналист Эламан Карымшаков дүйшөмбү күнү жазып жүрчү, социалдык тармактагы кызыктарды даярдады.

Интернет айдыңына дагы бир кызыктуу видео чыкты. Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун кыргызча ырдады. Боз үйдө тартылган видео адамды кайдыгер калтырбайт экен. 

© Youtube / JossStoneOfficialБританиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун кыргызча ырдады. Боз үйдө тартылган видео
Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун кыргызча ырдады. Боз үйдө тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун кыргызча ырдады. Боз үйдө тартылган видео

Айтмакчы, кечээ дагы бир кабар коомду кайдыгер калтырбай, талкууга түштү. Ал   Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүнгөнү тууралуу маалымат эле. Президент Сооронбай Жээнбеков ага жооп бериптир…

Аба ырайына келсек, бүгүн 14-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош жана Бишкек шаарларында ысык 32-34 градуска чыгат экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.30 (сатып алуу) жана 69.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Күнүңүздүн бейгам өтүшүн каалап, Нургүл Максутова. 

Жаңылыктар түрмөгү
0