Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тойдун алдында колуктуң баш тартса эмне кыласың

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖаш жубайлар. Архив
Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Жаңы башталган иш жумаңыздар жемиштүү өтсүн!

Мына-мына үйлөнөм деп турганда колуктусу турмуш куруудан баш тартып койгон жигиттин тагдырын окуп кызыктай абалда калдым. Элестетип көрүңүздөр, мына-мына той болот деп кафе, тамада, малдан бери алып даярдап, үйлөнөм деп кудуңдап жүргөн. Тойго эки жума калганда үлпөт көйнөктү тандап жатышса сүйүктүүм деген адамы "турмушка чыгууга моралдык жактан даяр боло элекмин, тойду кое туралычы" деп жигитти нес кылыптыр. Өзүм ушул куракта болгондуктан башкача таасир берет экен. Кыз чын эле моралдык жактан даяр болбогону үчүн ушундай кадамга бардыбы же ден соолугунан маселе жаралдыбы, айтор, жакшы иш болбоптур. Бала кандай абалда калды экен?.. Убарагерчилик тартканы го мейли, тууган-урук, ата-энесинин алдында уят болду го. Анысы да мейли, төрт жылдан бери ишенип сүйлөшүп жүргөн кызы баш тартып койсо күйбөгөн жери күл болду го. Бир нерсе деп айтыш да кыйын.

Мындан үч-төрт жыл мурун биздин айылда дагы ушундай окуя болгон. Ата-энеси барып астынан өтүп калыңын берип, конокторунун баарына чакыруу таратып койгон. Тойго аз калганда кандайдыр бир себептер менен кыз тарап баш тартып коёт. Бирок алар бир жолун таап белгиленген күнү той өткөрүшкөн. Болгону колукту алмашып кеткен. Айылдаш кызы менен сүйлөшүп ошого үйлөнүп алган. Учурда алар уул-кыз күтүп, очор-бачар болуп калышты.

Ал эми ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайчы?.. Эгер кара мүртөздөрдүн колуна түшпөгөндө 26-августта ак жоолук салынып суйкайган келин болмок. Ага мурда эле сөйкө салып кетип үлпөт тоюн ушул датага белгилешкен экен. Баары тескери жакка бурулду, туулган күнүндө берилчү белектин ордуна ага эстелик тургузулду.

Эми дем алыш күнү чыккан материалдарды барактайлы.

Университетте иштегенине карабай чөнтөгү терминал, өзү робот сыяктуу мугалимдер бар экен. Кээде алар студенттердин итатайын тутултуп, жанын кашайтып жиберет. Студенттерден кыжырына тийген окутуучулардын жоруктарын тизмектейбиз.

Сөөктүн рагы дешкен. Испаниянын футбол клубунда ойногон Айдананын ийгилиги. Футболчу кыз ага жабышкан дартты жеңүүдө спорт жардам берди деп ишенет.

Экс-президент Роза Отунбаева, белгилүү эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова менен Алина Жетигеновалардын азан чакырылып, документке түшүрүлгөн аттары тууралуу маалыматыңыз бар беле? Айрымдары ысымдарын чанса, чыгармачылыгына карап өзгөртүп алган.

Түркияда доллардын баасы бир күндө 5,75 лирадан дээрлик 6,80 лирага өсүп кетти. Мындай кырдаал кыргызстандык мигранттарга кандай таасир бергенине сарасеп салдык.

Азыр өлкөнүн көпчүлүк жеринде чөп чабык убагы, андан сырткары, балдарды мектепке даярдоо аракети көрүлө баштады. Бул учурда малың да, жашылча-жемишиң да арзандап кетет. Учурда өлкө аймактарында мал менен чөп канчадан сатылып жатканын билип алыңыз.

2008-жылдагы Пекин Олимпиадасынын декорациялары менен анын өтүшүнө көрк берген курулуштар азыр мышык ыйлай турган абалда калыптыр. Унутулган, дат баскан, каралбай калган жайлардын сүрөттөрү.

Кыргызгидромет өлкө аймагына карата аба ырайынын бир жумалык божомолун жарыялады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.37 (сатып алуу) жана 68.31 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Колуктуңар төбө чачты тик тургузбасын!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0