Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жаңы мэрдин убадасы менен убарасы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегизинчи айдын сегизинчи числосу да өтүп кетти. Бул күнү көптөгөн кызык окуялар болду. Алардын эң маанилүүсү мэрди шайлоо.

Кыргыз тилин билбейт экен, билет экен, курулуш компаниясына тиешеси бар экен деп чуру-чуу түшкөнүбүз менен 8-августта Бишкек шаардык кеңештин депутаттары дүңү менен мэрликке Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоп беришти. Бирок… бирок бир депутат Суракматовго каршымын деп добуш бериптир.

Суракматов ээрге отурары менен эле чуунун арты басыла элек. Мэр шайланып жатканда жарандык активисттер мэриянын имаратынын алдына нааразычылык акциясын өткөрүп "шаардык кеңеш тарасын" деп кыйкырып турушту.

Ал эми Суракматов убада берип жибергенге да жетишти.

Жазылышы бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр эмне деп аталат? Туура айтасыз, омоним. Мына ушундай сөздөрдү тизмектеп чыктык. Мисалы бостон, баар деген сөздөрдү билесизби?

Көпчүлүк кыз-жигиттер өзгөчө даталарда баш кошкусу келет. 8.08.2018 деген датаны да коё бербей бири-бирине жүрөгүн, сүйүүсүн арнаган жаштар Ак өргөдө кезек күтүштү. Бул күнү 65 түгөй нике күбөлүгүн алышкан.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.13 (сатып алуу) жана 68.38 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кыргызда "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деп бекеринен айтылбаса керек деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0