Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин

© Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЧөп жыйноо. Архив
Чөп жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүз куунак өтсүн!

Чөп сезону дегенди шаарда туулгандар анча түшүнө бербесе керек, бирок айылдыктардын жүрөгүн зырылдатат. Айрыкча, шаарга келип ак кол боло түшкөн улан-кыздардын төбө чачы тик турат. Анткени чөп чабым башталганда гениалдуу шылтоо тапсаң да өтпөй, баары бир барышың керек. Эгер ата-энең телефон чалып "балам, келип эс алып кымыз ичип кет" деген болсо сага сабы сынбай турган чалгы менен айрыны даярдап турганын жазбай түшүнө бересиң. Эми чөп сезонундагы айылдын абалын сүрөттөп берейин.

Согуш маалындагыдай үйдө жаш балдар менен эле кары-картаңдар калып, кыз-келин дебей бардык ишке жарамдуулар талаада болот. Айылдын супер сулуу кыздарын да кезиктиресиң. Эртең менен ат, эшек минип, жөө-жалаңдап талааны көздөй жөнөшөт. Куржундун бир көзүнө жарма, чалап же муздак чай, экинчи көзүнө түштө жей турган тамак-ашы. Тегиз жерлерди трактор менен чаптырса, тике беттерди чалгы менен чабыш керек. Эркектер чалгы чапса, жаш балдар менен кыз-келиндер артынан чөмөлө кылат. Качан гана чаап бүтүп, унаа менен ташып жыйып алмайынча жаның жай албайт. Азыр менин айылымда чөп сезону кызуу жүрүп жаткан маал. Мен жылда барып жардам берээр элем. Быйыл бактыга жарашабы же тилекке каршыбы билбейм, эмгек өргүүм чөп бышкан убакка туура келбей калды.

Эми өлкөдөгү жаңылыктарга өтөлү. Чырактай курагында киши колдуу болгон Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи жолу түзүлгөн комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бирок маркумдун атасы Турдали Кожоналиев аны менен макул болбой жатат. "Чындык издеп чарчадым" дейт мүңкүрөгөн ата.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, экөө бир топ маселелерди талкуулады.

Эсиңде болсун, айдоочу! Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарды каттоо боюнча 84 жерге камера орнотулуп жатат.

Эми Бишкекте Орозбеков көчөсү менен барып, Чоң Чүй каналынан өтүүгө болот. Ал жерге узундугу 46 метр, туурасы 13 метр болгон көпүрө курулду. Ал кандай болгонун төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев ажылыкты уюштуруудагы коррупция, Чубак ажынын ишмердигине болгон көз карашы, чет жактан диний билим алып жаткан кыргызстандыктар жана өлкөдөгү түрдүү агымдар ортосундагы айрым пикир келишпестиктер тууралуу айтып берди. Анан да муфтийдин бал челек кармап, мал багып жана улак тарта турганын билчү белеңиз.

Шаар тургундарынын көбү азыр жакшылык-жамандык, той-аштарда ар түрдүү тейлөө кызматтарын колдонууга муктаж болуп калышты. Мындай учурда керек болчу 7 кызматтын акысын билдик. Эгер айылда болгондо мунун баарын жоро-жолдош, коңшу, туугандарың эле тыпылдап бүтүрүп коймок. Шаарда айла жок экен да, ар ким өзү менен өзү.

Узаган жумада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүгө чыккан, анын эс алуудагы сүрөттөрүн жарыяланып, талкууга түштү. Ал эми жигиттердин Ферузага арнаган ыры социалдык тармакты күлкүгө бөлөдү. Социалдык тармактагы кызыктуу окуяларга назар салыңыз.

Кыргызгидромет бүгүн өлкө аймагында күн 36 градуска чейин ысый турганын айтты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.02 (сатып алуу) жана 68.22 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Чөп чаап жаткандарга Кудай күч-кубат берсин!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0