Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чачы жайыла бергенде кыз киши экенин таанып...

Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш. Апта аптаптуу башталчудай. Бүгүн Бишкек менен Чүйдүн аймагында абанын температурасы +36 градуска чамалап барары айтылды.

Синоптиктер бир жумуга алдын ала божомолун айтып Бишкек менен Ош шаарларында апта ичинде күндүз абанын температурасы 30 градустан төмөн болбостугун кабарлады.

Президент кандай эс алды? Кыргызстанда бул учурда элдин көбү жайкы эс алууга кетет. Өткөн аптада алардын катарын президент Сооронбай Жээнбеков толуктап, эс алып келгенин төмөнкү сүрөттөрдөн көрүңүз. Эл деген кызык, арасынан ар кандай адамдар, пикирлер чыгат. Социалдык тармакта "эмнеге костюмчан эс алып жүрөт" деген маанайда пикир жазып, ичи чыкпагандар болду. Айтор, акырын басса аксак, катуу басса таскак… 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн кантип өткөрдү. Ысык-Көлдө тартылган сүрөттөр
Отпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн кантип өткөрдү. Ысык-Көлдө тартылган сүрөттөр

Эс алууну унутуп калган адамдар биздин коомдо жок эмес. Алардын бири ак халатчандар. Адам айыгып кетсе кубанып, жоготуп алса, көз жаш төккөн медиктердин бири, Нарында иштеп, жашап жаткан дарыгер кыздын агынан жарылган маегин жарыяладык. 

Көз жаш демекчи, бул видеону кайдыгер карап көрө албайсыз, адамды бир силкип алат экен. Маркум жигит болгону 39 жашка чыкмак. Темир Жумакадыровду жубайы ыр менен эскериптир. Сүйүүнүн, сүйүктүүнүн арманын айтып, жашоонун, тирүүлүктүн баркын биле жүрүүнү эскерте да кетиптир…. Адамдар өтө берет, кете берет, ал эми улуу кыймыл кадимки калыбында. 

"Кыямат" тууралуу 13 факты. Тирүүлүк демекчи, жашоодогу, түркүн кыл доордогу, ар кыл улуттагы, ар түрдүү диндеги, ар кай жердеги адамдардын тагдырларын бир өзөккө тизип, ар бирин өзүнчө жана биримдикте калчап көрсөткөн "Кыямат" романы тууралуу фактыларды даярдадык. Айтматовдун эбегейсиз ааламына бир саякаттап келиңиз.

Кыздары кыйын кыргыздын. Аттын кулагы менен тең ойноп, эр сайышка түшүп жүргөн Диана аттуу каскадер кызды билет белеңиз. Анча-мынча жигиттер мындай эле калат экен! Эр айыштагы кадимки эле жигит, кең багалектүү шым, башында калпак, алдында алкынган аргымак.. Калпакты чечкенде чачы жайыла бергенде гана кыз киши экендигин тааныйт экенсиз… 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.07 (сатып алуу) жана 68.15 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иш аптаңызда ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0