Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Артыңда жок дегенде туяк калсачы…

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов
Журналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигит өлбөс болсочу...

Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытовду шум ажал 25 жаш курагында алып кетти.

… Исмаил! Кыргыздын кыраан жигити элең… Уккан кулагыбызга дагы деле ишене албай турабыз. Сенин бир гана Sputnik агенттигинде эмес, эл ичинде ордуң чоң болчу. Мен эле эмес, сага көп адам суктанчу болуш керек. Себеби 25 жаштагы айрым балдар дагы деле ата-энесинин кучагында жаткан болот. А сенчи? Сен бир эле убакта радиодо алып баруучу, юрист, журналист, тамада, акын болуп баарына жетишчүсүң. Эмнегедир сени көп адам келечектеги саясатчы катары элестетчү. Эми баары кеч… 

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстандын жамааты Исмаил Мамытовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын жамааты Исмаил Мамытовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт

Оору менен басып жүрүп, көз алдыбызда күрөшкөн турбайсыңбы. Бүтпөгөн көр турмушта баарыбыз ызылдап сенин жумушка араң келип-кетип жатканыңды деле байкабаптырбыз. Жаның кыйналып турса да сүйүктүүңө берген убадаңа туруп үлпөт той өткөрүп, туугандарыңдын батасын алыптырсың. Ал тойдо ажал менен алышып жатканыңды билсек гана… Кыйналып отурганыңды көрүп туруп биз кантип ырдап-бийлеп, жыргадык… Кантип?

Сенин ордуңду эми эч ким толтура албайт. Баары бош калды. Ээсин күтүп иш столуң да ээнсиреп турат…

Кечээ сени менен коштошуп акын Акбар Кубанычбеков ыр саптарын жазыптыр.

Таңда келчү күн болбой асыл жаның,
Туйлайт жүрөк… Арга жок алыстасың.

Унутушпай ар убак эстеп тураар,
Улуу элиң, досторуң, жакындарың…

Жаткан жериң жайлуу болсун, Исма!

Тирүүлүктүн болсо жашоосу улана берет экен. Кечээ экс-мэр Албек Ибраимов кармалып, сот анын баш коргоо чарасын тандады.

Көп убакыт өтпөй эле Ибраимовдун кармалышы боюнча экс-президент, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев үн катты.

Баса, Атамбаев борбор калаага салдырып жаткан "7-апрель шейиттери" мечитинин курулушу бүткөнү калыптыр. Өзгөчө стиль менен салынып жаткан мечиттин видеосу бул жакта.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.11 (сатып алуу) жана 68.33 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жашоону барктап жашайлы!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0