Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Далайларды суктанткан хорват президенти

© Sputnik / Эмиль СадыровДорога Исфана — Баткен
Дорога Исфана — Баткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күнүбүз куунак өтсүн!

Ызылдап атып футбол да бүттү. Чынын айтсам спорттун бул түрүнө кызыкпаптырмын. Ал тургай фаворит командалар кайсы экенин билчү эмесмин. Бирок жарым финал, финал чыныгы күйөрмандар үчүн эмес, мага окшогон футболдон түшүнүгү жоктордун деле кызыгуусун арттырды окшойт. Ал тургай улгайган ата-апалардан бери үңүлүп отуруп көрүштү. Хорваттар менен француздардын бүйүр кызыткан беттеши бизди эле ушунча ызылдатты, дүйнө элин дүрбөлөңгө салса керек.

Оюндан кийин Хорватиянын президенти Грабар-Китарович ыйлап жибериптир. Ал эми Путин менен Макрондун мелдештен кийинки эмоциясын видеодон көрүңүз. 

Өз командасын сүрөгөнү келген Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович бул чемпионатта көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Президенттин финалдык оюндагы эмоциялары, командасы жеңилип калгандагы көз жашы, ар бир футболчуну кучактап жооткотуп, далысынан таптаганы аны ого бетер жөнөкөй, ого бетер ажарлуу кылып койду. Келишимдүү президент тууралуу кабарчыбыз Бегимай Бакашева кызыктуу фактыларды топтоду. 

Жылдызы жанган футболчу Криштиану Роналду болсо үй-бүлөсү менен Туринге учуп келди. Ал ортодо Россиянын президенти Владимир Путин ирландиялык UFC мушкери, жеңил салмактагы мурдагы абсолюттук чемпион (UFC) Конор Макгрегор менен сүрөткө түштү. 

Соцтармактын болсо жаны жай албай калды окшойт. Кичине тынчып калса эле колдонуучулар хайп же дагы башка нерселерди ойлоп чыга калышат. Өткөн аптадагы кызыктуу видео, постторду кабарчыбыз Эламан Кармышаков топтоп чыкты. 

Ысык-Көлдөгү этнофестивалда бүркүт кол салган кыздын видеосун көргөндө жүрөк түшүп кетти. Дагы жакшы кыздын саламаттыгы жайында экен. Окуянын чоо-жайын кененирээк бул материалдан окуңуздар. 

Кудай оору менен кырсыктан сактасын. Төрт жашынан бери бөйрөк, боор оорусу менен алышып келе жаткан Назбийкеге азыр жардам керек болуп жатыптыр. Дарыгерлер тез аранын ичинде боорун алмаштыруу керек экенин айтып, ата-энеси азыр 32 миң доллар чогулта албай убара. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.05 (сатып алуу) жана 68.27(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Дүйнөбүз түгөл болсун!

Ачык асман каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0