Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айран, сүтүн сагынып акактаган памирликтер

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области
Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айы салкын болуп көнө түшкөн окшойбуз, кичине күн ысыса акактап эсибиз ооп жатат. Имараттын ичинде иштегендер го кичине кондиционердин жардамы менен аман калып жатат, базарда отургандар куурады го.

Өткөн жумада Нарын облусуна Памир кыргыздарын тартканы бардык эле, ал жакта деле күн кайнап жатыптыр. Баягы суукка көнүп калган кандаштар ысыгандан үстүндөгү кат-кат болгон кийимдерин чече баштаптыр. Кокус ушул кезде шаарга келип калса "аяз атадай эле" эрип, теринен тааныбай калсак керек. Баса, боордоштор биз барганда Памирди сагынганын айтышты. Айрыкча айран, сүт көзүбүздөн учуп жатат дейт. Туугандарды бир четинен түшүнсө да болот. Бөтөн жерге көнүп кетүү оңой эмес да. Анын үстүнө керели кечке бош отурушат экен, эч кимди деле тааныбайт, алаксыйын десе иш жок, анан калса батирге акча төлөп жашайт, айтор, айта берсе алардын деле арманы көп.

Туугандардын турмуш-шартын көрөбүз десеңер толугураак бул жактан видеосун көрүңүздөр

Кыргыз эли деги өзгөчө эл. Турмуштук жагдайларды түз айтпай, каймана мааниде кыйытып, абалды жумшартып жеткирүү маданияты калыптанган. Мисалы, адам каза болгондо "өлдү" деген сөз так кесе айтылбайт. Бул сөздүн бир нече варианттарын "Тибиртке" рубрикасынан окуп билип алыңыз

Ушу ысыкта көл жээгинде жатсаң, эх… Бирок Ысык-Көлгө бардык эле адамдар бара албайт экен. Саратанда кимге көлгө барып, сууга түшүүгө болбой турганын Улугбек Жоомартов айтып берди.

Өздүк булактар Ысык-Көлдүн Эңилчегинде кулаган Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учактын сүрөтүн жөнөттү. Кырсыктын чоо-жайы боюнча эл арасында ар кандай кептер айтылууда. Ал эми Генералдык штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Жарашева кырсыктын чоо-жайы тактала электигин айтты.

Жакшыны жакшы деш керек. Спикер Дастан Жумабеков шал дарты менен жабыркаган Улан деген баланы спорт менен өзү машыктырып, жанына коомдук иштерге жардамчы кылып алыптыр. Бул иш мактоого татыйт деп ойлойм. Себеби бардык эле адамдын, анын ичинде депутаттардын мындай ишке эрки жете бербейт эмеспи

Кечээ маршруткадагы эки адам асманды ала булут каптап калганын карап "эртең жаан жаайт деп жатышат" деп күбүр-шыбыр болуп калды. Бирок Кыргызгидрометтин маалыматында бүгүн жамгыр жаабайт, абанын температурасы Бишкекте 36…38 градус ысыйт экен. Ал Ысык-Көлдө 30 градус нөлдөн жогору болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кеп куржунубуз кемибесин!

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0