Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Колуңду гана чакса! Сагыз баяны...

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу мекендеш. Аптаптуу ай сиздин чыдамыңызды сынап жатабы?

Бүгүн Кыргызстандын асманында токумдай да булут болбойт дешти. Бишкек менен Ош шаарында жарышкансып, күн 38…40 градус ысыйт экен.

Куйкалаган күндүн ысыгы бүгүнкү менен эле бүтүп калбайт. Ачык жерде 60 градуска жетти! ӨКМ аптаптуу ысык канчага созуларын айтты.

Көлөкөгө ыктаңыз! Кардиолог Ишенбай Молдоташев жай мезгилинде жүрөк, кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар салкын жерде жүрүшү керектигин эскертти.

Көлөкөдө отуруп алып, ысык деп кокуйлагандарга кулак кагыш, ызылдабагыла, "Тазалыкчылар" ысыкка карабай шаардагы фонтандарды тазалашты.

Сагызды асфальтка ыргытпа! Дагы бир "тазалыкчы" Эркимбаев аянтта ыргытылган сагыздарды кол менен кырып тазалашарын айтып берди.

Кечээ аптаптуу күнү Ысык-Атанын Үч-Эмчегинде Аселди сүйгөнү Илияс (Дүйшөн Байдөбөтов) жерге берилди.

Бул кишинин жашоосу кудум кино сымал болуптур. Эки бир тууганы энесинин колунан түшүп, сууга агып… Маркум акыркы маегинде агылып-төгүлүп сүйлөп бериптир.

Саясий жашоо деле өз нугу менен уланууда. Түркияга учуп кеткен президент Сооронбай Жээнбековду Анкарада кантип тосуп алышкандыгы боюнча видео бар.

Оштун жаңы башчысы ким болот? Эми президенттин жарлыгын күтөлү.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иш күнүңүздөр аптапка карабай ийгиликтүү улансын.

Урматым менен, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0