Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тоонун тарсылдаган келиндери

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБээ саап жаткан аял. Архив
Бээ саап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, туугандар!

Бир жумага жайлоого эс алууга барып, жеңелериме "5" деген баа берип келдим. Өзүм деле айылда эле чоңойгон кызмын, бирок жалкоо жаным шаардын даяр оокатына көнө түшүптүрмүн. Беш күндө чачым таралбай, уйкумду араң кандырганга эле жетиштим.

Ал эми тоонун келиндери түмөн түйшүгүн эле бүтүрбөй өздөрүн караганга да жетишет экен.

Таң атпай саат 6да туруп уй, бээ саашат. Сүттү саап эле тим болбой уйдукун бышырып, тартып, айран уютуп, бээникин болсо керелди кечке бышат. Бээлерди эки саат сайын саап туруу деген оңой эмес го. Боз үйдө жөн эле төшөк оңдоп үстүн жаап койбойт, баарын жыйып, кечинде баарын кайра салат. Чай ичкен сайын самоор коймой, от жагып казанга тамак асмай. Алардын оту да бат күйүп, чайы да заматта кайнайт.

Конокторду, "кымыз ичебиз" деп келген кишинин санын айтпай эле коеюн. Таң аткандан күн батканга чейин тынбайт экен. Жөн эле кымыз берсе жакшы да, аларга чай, тамагын берип, кээ бирин коноктоп да жиберишет.

Кечке от жакса да үйү мизилдеп, аллюминий чайнектери жаркырайт. Айтор, аларга сөз жок. Мен деле жөн отурбай жардам берип от жагып, тамагын бышырышып жаттым, бирок беш күндө кебетем кете түштү.

Жайлоонун салкын абасын ала келдик окшойт, биз келгенден бери Бишкекте күн өтө ысык эмес.

Калаада болсо баягы эле кайнаган турмуш. Кечээ Бишкекте жүрөктүн үшүн алган жол кырсыгы катталып, жубайына төрөт үйүнө бара жаткан лейтенат каза болду. 

Адамдан адам коркчу заман келди. Бишкектин четиндеги акча алмаштыруу жайды уурулар көз көрүнөө эле тоноп кетиптир. Окуянын чоо-жайын окуйм десеңер шилтеме аркылуу киргиле.

Жаман жаңылык жазбайын дейм, айла жок. Россияда кыргызстандык келинди өрттөп кетиштиптир. Милиция шектүү деп келиндин күйөөсүн кармады.

Назарбаевдин небереси турмушка чыкса, Раиса Атамбаева туулган күнүн белгилеп, ага Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева барыптыр.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервая леди Кыргызстана Айгуль Токоева
Первая леди Кыргызстана Айгуль Токоева - Sputnik Кыргызстан
Первая леди Кыргызстана Айгуль Токоева

Кечээки күн ушундай жаңылыктар менен коштолду.

Бүгүнкү күндүн алдын ала аба ырайын эле билебиз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.26 (сатып алуу) жана 68.21 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жашоонун өзү— бейиш!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0